Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:56

Т. САРИЕВ: КУЛОВДУН ТАЛАПКЕРЛИГИН КАЙРА КӨРСӨТҮҮГӨ МЫЙЗАМДЫК ЖОЛ ЖОК


Премьер-министрликке талапкер Феликс Кулов 18-январда парламентте колдоо тапкан жок. Бул абалдан чыгуунун мыйзамдык жолдору тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

-Темир Аргембаевич, бүгүн Феликс Кулов 23 гана добуш алып калды. Мындан чыгуунун кандай мыйзамдык жолдору бар. Кырдаал кандай өнүгөт?

-Премьер-министрди көрсөтүү, бекитүү тартиби биздин өкмөт жөнүндөгү мыйзамда, Жогорку Кеңештин «Регламенти жөнүндөгү» мыйзамда ачык-айкын көрсөтүлгөн. Эгерде президент киргизген талапкерге Жогорку Кеңеш макулдук бербей койсо, анда президент жаңы талапкерди сунушташ керек болот. Экинчи жолу да макулдук берилбесе, анда үчүнчү ирет сунуштайт. Анда парламент бекитиш керек, бекитпесе таркайт. Ал эми бир эле кишини үч ирет киргизет деген жобо жок.

- Демек, Феликс Куловду кайрадан киргизүүгө эч кандай мыйзамдык жол жок экен да?

-Тилекке каршы, биздин мыйзам жана регламент буга жол бербейт.

- Кандай деп ойлойсуз, президенттин мындан аркы кадамдары кандай болуп, кырдаал кайсы багытта өнүгөт?

-Мен ойлоймун, президент саясий күчтөр, партиялар, депутатта менен сүйлөшүүлөр жүргүзүп, жумшак рейтинг өткөрүү үчүн эки-үч талапкерди парламентке сунуштап, парламент ошолордун ичинен бирөөсүн тандап алат. Андан кийин президент анын талапкерлигин киргизет. Мүмкүн ушундай жол менен кетишет. Мүмкүн президент парламент колдой албай турган талапкерди кайрадан сунуштап, үчүнчү ирет өтө турган, өзүнө керектүү талапкерди сунуштайт. Анткени, Жогорку Кеңеш үчүнчү ирет макул болбой койсо, анда парламентти таркатуу коркунучу пайда болуп, депутаттардын макулдугун алуу жеңилдейт.

- А Феликс Куловдун мени кайра-кайра киргизүү макулдашылган деген сөзү анда кандай негизде айтылууда?

-Мүмкүн, булар жаңы Конституция кабыл алынганга чейин, 30-декабрга чейин сүйлөшүлгөндүр. 30-декабрдагы Конституцияга президент кол койду.Ал боюнча андай процедура жок.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG