Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:08

КАРАСУУ БАЗАРЫНЫН БАШКАРУУЧУСУ РЫСБЕК ЖООШБЕКОВ АТЫП ӨЛТҮРҮЛДҮ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Он тогузунчу январга караган түнү Карасуу районунун Октябрь айылында мамлекеттик «Кара-Суу-Эл базары» ишканасынын жетекчиси Рысбек Жоошбеков өзүнүн үйүнө кирип келе жаткан жеринен атып өлтүрүлдү. Учурда Карасуу райондук жана Ош облустук ички иштер органдарынын кызматкерлеринен турган оперативдүү топ кылмышкерлерди издеп табуу боюнча «Сирена» операциясын өткөрүүдө.

Жумуштан кеч кайтып үйүнө кирип келе жаткан отуз сегиз жаштагы базар башчысы Рысбек Жоошбековго карата белгисиз куралдан ок атылган. Көкүрөк тушуна атылган октун натыйжасында Жоошбеков окуя болгон жерде жан берген.

- Көкүрөгүнө жана колуна үч ок тийгени байкалган. Окуя болгон жерден эки 7-62 миллиметрлүү калибрдеги патрон жана бир ок табылган. Бул боюнча атайын Ош облустук ички иштер башкармасынын жана Карасуу райондук ички иштер бөлүмүнүн тажрыйбалуу оперативдүү кызматкерлери тарабынан оперативдүү тергөө тобу түзүлдү. Бүгүнкү күндө Жалалабат, Баткен жана кошуна Өзбекстандын Анжиян облустарына бул окуя боюнча ориентировкалар жөнөтүлдү, - деди Ош облустук ички иштер башкармасынын пресс кызматынын жетекчиси Жеңишбек Аширбаев.

Мамлекеттин ээлигине өткөрүлүп берилген «Кара-Суу-Эл базарынын» жетекчиси болуп Рысбек Жоошбеков 2006-жылдын апрель айында дайындалган. Ага чейин аталган ишкананын жетекчиси болуп Абдалим Жунусов иштеп турган. Бирок ал да белгисиз буйуртмачылар тарабынан 2005-жылдын сентярь айында атып өлтүрүлгөн эле.

Жергиликтүү талдоочу Алишер Токсонбаев Караcуудагы базар башчылык кызматынын кандуу болуп жатышынын себептерин анын бир катар орчундуу жагдайлар менен байланыштырды:

- Биринчиси - байлык, экинчиси – таасир талаш. Себеби байлык аркылуу айрым бир криминалдашкан саясий күчтөр ушул кызматты ээлеп, өзүнүн арам ойлорун жүзөгө ашырып, иштерин жүргүзгөнгө чоң өбөлгө түзүлөт. Ошондуктан мурунку Абдалимдин деле, азыркы Жоошбайдын деле өлтүрүлүшүн мен ушундан көрөм. Болбосо өзүңөр жакшы билесиңер, бул чатактын бардыгы ыраматылык Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевден тартып алгандан башталган, - дейт талдоочу Алишер Токсонбаев.

Учурда аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, окуянын болуп кетишине шарт түзгөн кырдаалдар иликтөөгө алынууда. Караcуу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Курсан Асанов аталган окуя боюнча базарда мурда иштеп кеткен жана иштеп жаткан адамдар суралып жаткандыгын айтып, алардын аттары азырынча тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачык айтылбай тургандыгын билдирди.

Учурда ички иштер органдары атып өлтүрүү окуясы боюнча расмий түрдө үч түрдүү божомолдун иштелип чыккандыгын жарыялады:

- Үч божомол каралып жатат. Биринчиден, өзүнүн профессионалдык ээлеген кызматы боюнча. Экинчи, "Карасуу-Эл базарынын" жетекчилигине конкурент болгон кызыкдар адамдар тарабынан, жана үчүнчүсү, криминалдык топтор тарабынан Карасуу базарына ээлик кылуу боюнча болушу мүмкүн, - деди Ош облустук ички иштер башкармасынын пресс-кызматынын жетекчиси Жеңишбек Аширбаев.

Маркум базар башчысы Рысбек Жоошбековдун жасаты жума күнү кечке жуук жерге коюлду. Аны акыркы сапарга узатуу ырасмисине жергиликтүү бийлик жетекчилери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

XS
SM
MD
LG