Линктер

шаршемби, 16-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:19

БИЗДИН МИЛИЦИЯ БИЗДИ КОРГОП ЖАТАБЫ, ЖЕ КОРДОП ЖАТАБЫ


Ички иштер министрлиги өткөн жыл ичинде Бишкекте кылмыштуулукка каршы күрөш кандай жүрдү, тартип кандай сакталды деп, жыл жыйынтыгын чыгарды. Милициянын райондук жетекчилигининин билдиргенине караганда, өткөн жылы 2005-жылга салыштырмалуу кылмыштуулуктун деңгээли төмөндөгөн. Милиция кызматкерлери жакшы көрсөткүчтөр менен мактанганы менен, чуулгандуу делинген бир да кылмыштын бети ачыла элек - муну айрым байкоочулар айтышууда. Ал эми укук коргоочулар болсо, милиция кызматкерлери кармалгандарга орой мамиле жасоону улантып жатат дешүүдө.

Экстремизмге, уюшкан кылмыштуулукка жана маңзаттарды сатууга каршы күрөш ички иштер министрлигинин өткөн жылдагы негизги жумушу болду деп белгиленди.

Ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык өткөн жылы 2005-жылга караганда диний экстремизмге тиешеси бар деп кармалган адамдардын саны үч эсеге көп болду. Аталган башкармалыктын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Бакытбек Жумаев мунун себебин ичики миграцияны көзөмөлдөө кыйынга туруп жатканы менен түшүндүрдү:

“Буга чейин диний экстремизм түштүк регионунда абдан өнүккөн болсо, азыр алар түндүктө да өзүнүн идеологиясын таратууну көздөп жатат”.

Бакытбек Жумаев ошондой эле тыюу салынган “Хизб-ут-тахрир” партиясы акыркы учурда Бишкекте активдешкенин белгиледи:

“Түштүктө акрамийлер жана башкалар чыгып жатат, ал эми Бишкекте болсо “Хизб-ут-тахрир” күч алды”.

Свердлов райндук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси Рыспек Кулманбетов былтыр кылмыштуулуктун деңгээли 2005-жылга салыштырмалуу төмөндөгөнүн айтты:

“Былтыр 2005-жылга салыштырмалуу биздин район боюнча кылмыштуулук 948, ал эми иштин козголушу боюнча 590 фактыга аз болду. Кылмыштын бетин ачуу боюнча мурунку эле деңгээлдебиз”.

Кылмыштын деңгээли төмөндөгөнү айтылып жатканы менен чуулгандуу буйрутма өлтүрүүлөрдүн биринин да бети ачылган эмес.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы берген маалыматка караганда, өткөн жылы уюшулган кылмыш тобунун 21 мүчөсү, алардын ичинде кылмыш топтун бир активдүү мүчөсү Мурат Асанкожоев кармалган.

“Менин милициям мени коргойт” демекчи, коомчулукта милиция кызматкерлери тууралуу ар кыл сын пикирлер айтылып келатат. Эл арасында дале болсо милицияга ишенбегендер арбын.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова милиция уруп-сабоону улантып жатканын белгиледи:

“Милиция кызматкерлери тарабынан уруп-сабоо дагы эле болуп атат. Мына жакында эле 22-ноябрь күнү Асакеев Акылбек деген жигитти 5 милиция кызматкери райондук ички иштер бөлүмүндө сабап , ал эки күндөн кийин каза болгон. Каза болгон жигиттин туугандары аларга кысым көрсөтүлүп жатканын айтып жатышат”.

Ошентсе да, ички иштер бөлүмүнүн бир да жетекчилиги мындай мыйзам бузуулар бар экенин мойнуна алган жок. Шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмышты иликтөө бөлүмүнүн башчысы Арстанбек Жолборсалиев кызматкерлер арасында мындай тартип бузуу фактылар жок дейт:

“Балким ушундай мыйзам бузуулар болуп жаткандыр, бирок биздин башкармалыкта андай фактылар болгон жок”, деди Арстанбек Жолборсалиев.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланганы үчүн мамлекеттик автоинспекциянын эки кызматкери кармалган, бирок алар жоопко тартыла элек.

Милиция кызматкерлеринин элге болгон мамилесин өзгөртүү – бул 2007-жылы ички иштер башкармалыгынын негизги максаттарынын бири. Бирок бул максат канчалык ишке ашат убакыт гана көрсөтөт.
XS
SM
MD
LG