Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:12

КУЛОВ ПРЕМЬЕР-МИНИСТР КЫЗМАТЫНА КАЙРАДАН КӨРСӨТҮЛДҮ


Акан Иманов, Бишкек Бүгүн президент Курманбек Бакиев премьер-мнистрликке кайрадан Феликс Куловдун талапкерлигин көрсөттү. Жогорку Кеңеште кечээ бул кызматка көрсөтүлгөн Феликс Куловдун талапкерлиги колдоо тапкан эмес. Ошондуктан, айрым депутаттар Жогорку Кеңештин регламентине ылайык бир эле талапкерди экинчи жолу кайра көрсөтүүгө мыйзам жол бербестигин белгилешүүдө.

Феликс Кулов кечээ парламенттен жетиштүү добуш албаган соң, анын талапкерлиги кайра коюларына үмүт артаарын, президент ага убада бергенин айтып өткөн. Айткандай эле бүгүн 19-январда эртең менен өлкө башчысы Курманбек Бакиев премьер-министрлик орунга Феликс мырзаны кайрадан экинчи ирет көрсөттү.

Феликс мырзаны премьер-министр кызматына кайрадан көрсөтүү сунушу дүйшөмбүдө Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде каралат, шейшемби ше шаршемби күнү парламенттин кароосуна коюлат. Бул жөнүндө аталган комитеттин жетекчиси Исхак Масалиев «Азаттыкка» билдирди.

Куловдун талапкерлиги премьер-министр кызматына кайрадан көрсөтүлүшүн депутаттар ар башка кабыл алышууда. Депутат Азимбек Бекназаровдун айтымында, парламентте өтпөй калган талапкер кайрадан көрсөтүлбөшү керек эле. Ал эми Айдарбек Керимкуловдун оюнча, Баш мыйзамда бир каралган талапкер кайра киргизилбейт деп айтылган эмес. Жаш саясатчылар Форумунун координациялык кенешинин мүчөсү Адиль Турдукулов болсо Куловдун мындай абалга келип калышына өзүнүн күнөөсү бар дейт.

-Куловду Бакиевдин саясатынын туткуну катары эсептеп койсок болот. Анткени, ал ноябрда болгон митингде прогрессивдүү саясий система түзүүгө өз салымын кошпой, авторитардык президент менен өнөктөш болуп берди. Куловдун мындай абалга дуушар болушуна өзүнүн күнөөсү бар. Премьер министр ким болоору, чечүүчү суроо эмес. Анткени, ал орунду президенттин бир колу катары эсептесек болот, -деди Адиль Турдукулов.

Феликс Кулов негиздеген Ар-Намыс партиясынын жаш канатынын жетекчиси Арсен Айылчиев жыл аягындагы өкмөттүн отставкасы депутаттардын үшүн алган, ошондуктан алар Куловду колдобой коюшту деп белгиледи.

-Парламенттин Куловду колдобой коюшу күтүлгөн эле нерсе. Анткени, 19-декабрда премьер баш болуп өкмөт мүчөлөрү отставкага кеткен. Ошондо Жогорку Кеңештин депутаттарына кыйын болду. Эми натыйжада минтип Феликс Куловду колдобой коюшту. Ал эми премьерлике Куловдун кайрадан көрсөтүлүшү тууралу айтсак, президент да, баш мыйзамга таянып иш жүргүзүп жатса керек,- деди Арсен Айылчиев.

XS
SM
MD
LG