Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

ТҮРК ПОЛИЦИЯСЫ ТЕГИ АРМЯН ЖУРНАЛИСТТИН КИШИ КОЛДУУ БОЛУШУН ИЛИКТЕП ЖАТАТ


"Чегарасыз кабарчылар" уюму Түрк бийликтерин журналист Хрант Динкти өлтүрүп кеткендерди тезирээк табууга үндөдү. Кылмышты айыптаган билдирүлөрдү Европа биримдиги, АКШ, Арменяи өкмөттөрү жасашты.

Кабарчыны 19-январда Стамбул шаарында, ал иштеген “Агос” гезитинин редакциясынын жанында белгисиз бирөө атып кеткен. Ишембиде кечинде полиция кылмышкер деп шектелген адамдын сүрөтүн таркатты.

Түн ичинде Стамбулда миңдеген адам сөз эркиндигин колдоо иретинде жөө жүрүшкө чыгышты.
Айрым демонстранттар түрк, армян желектерин көтөрүп жүрүштү.

- Динк Түркияны жакшы көргөн, Түркия үчүн көп нерселерди жасоону көздөгөн интеллектуал болчу. Ал улуттар ортосунда достуктун көпүрөсүн курууга аракеттенип келген, - дейт демонстранттардын бири.

Динк өткөн кылымдын башында орун алган армяндардын массалык кыргыны жөнүндө айткан сын сөздөрү үчүн түрк улутчулдарынын бутасына айланган. Андай коментарийлер Түркияда кылмыш болуп эсептелгендиктен, журналист бир нече жолу сот жообуна тартылган.

Динк кол салуу жөнүндө бир нече жолу эскертүү алганын айтып келген.

Еврошаркетке кирүүгө далалаттанып жүргөн Анкара бул окуяга байланыштуу чоң кысымга туш болду.
Биримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Олли Рен кылмышкерлерди сот жообуна тезирээк тартууга үндөдү.

Армян маселеси Түркия менен шаркеттин айрым мүчөлөрү талашып келаткан негизги маселелердин бири.

Түрк өкмөт башчысы Режеп Таип Эрдоган Динктин киши колдуу болушун мындайча комментариялады:

- Тилекке каршы кара күчтөр бул жолу кылмыштуу аракеттери үчүн бута кылып Хрант Динкти тандап алышты. Айрым өлкөлөрдө “армян геноциди” деп атап жүрүшкөн маселе күн тартибине киргизилип жаткан кезде бул кылмыш атайлап уюштурулган деп ойлойбуз. Бул ишти иликтей баштадык, тергөө улантылат.

Армениянын тышкы иштер министри Вартан Осканян кылмышты айыптап, Динк элдер арасындагы өз ара түшүнүү, диалог, тынчтык мүмкүн деген ишеним менен жашаган, - деп комментариялады.
Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаменти журналисттин киши колдуу болушуна байланыштуу камтамачылыгын билдирди.

Түрк маалымат каражаттары 8 шектүү адам кармлаганын кабарлашкан. Бирок Батыш каражаттары Түркиянын ички иштер министри Абдулкадыр Аксуга шилтеме жасап маалымдашкандай, азыр бул кылмышка байланыштуу бир да адам камала элек.
XS
SM
MD
LG