Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:10

ЧЕТ ЭЛДИК АТУУЛДАР ҮЧҮН ОРУС ӨКМӨТҮНӨ ЖОЛ ЖАБЫК


Төрөкул Дооров, Москва Эми орус өкмөтүндө иштеген министрлер башка мамлекеттин атуулдугун ала алышпайт же орус мамлекетинин жараны болуп туруп, башка мамлекеттин да паспортун көтөрүп жүргөндөр орус өкмөтүндө иштей алышпайт. Бул жөнүндөгү өзгөртүүлөрдү 19-январда, Орусиянын Мамдумасы үчүнчү окулушунда жактырды. «Орус өкмөтү жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр эми Федерация Кеңешинде (Орусия парламентинин жогорку палатасында - үйүндө) каралат.

Эң оболу айта кете турган нерсе, буга чейин орус өкмөтүнүн башчысы гана башка өлкөнүн атуулу боло албайт деген эреже иштечү. Эми министрлерге да чет мамлекеттин атуулдугун алууга тыюу салынды.

«Орус өкмөтү жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү жактап чыккан депутаттардын ишениминде, мында орус жаранынын укугун тепселеген эч кандай кадам жок. Анткени бул мыйзам башка өлкөлөрдүн да аталган маселе боюнча чечимдерине туура келет.

Ал эми Москвадагы «Карнеги» аналитикалык борборунун эксперти Николай Петров бул мыйзамдын эми гана кабыл алынып жатышы быйыл өтө турган парламенттик шайлоо менен байланышы бар деп ишенет:

- Мыйзам азыр бийликте турган күч структуралары тарабынан колдоо тапкан өңдүү. Анткени, өлкөдөгү либералдардын көпчүлүгүндө жана ири ишкерлерде башка мамлекеттердин да паспорттору бар. Демек, алардын арасында келечекте орус өкмөтүндө иштөөнү самагандарына алдыдагы шайлоолорго жол жабылат.

Айта кетели, Орусиянын борбор азиялык эки мамлекет - Түркмөнстан жана Тажикстан менен кош-жарандык боюнча келишими бар. Бирок, иш жүзүндө, бүгүн алардын бирөөсү да иштебейт.

Бул тууралуу жакында Москвага келип кеткен Кыргызстандын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Аликбек Жекшенкулов айтып, азыр Кыргызстан да Орусия менен кош атуулдук боюнча келишимге жетишүүгө аракет кылып жатканын билдирди:

- Буга чейин Орусия Түркмөнстан жана Тажикстан менен кош жарандык мамилесине өткөн экен, бирок азыр алардын келишимдери иштебейт экен. Азыр биз Орусия менен кош атуулдук боюнча өзүбүздүн келишимди түзөлү деп жатабыз. Эң башкысы – Орусия биздин сунуштун четке каккан жок.

Ошентип, Мамдума жума күнү жактырган өзгөртүүлөр чындап эле күчүнө кирсе, анда кийин орус жарандыгын алып, бирок кыргыз атуулдугунан баш тартпаган кыргызстандыктар да орус өкмөтүндө иштей алышпайт.

XS
SM
MD
LG