Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:40

СЕРБДЕР ӨЛКӨНҮН БОЛОЧОК БАГЫТЫН ТАНДАШУУДА


Сербияда жалпы шайлоо өтүп жатат. Бул Сербия жана Монтенегронун бөлүнүшүнөн кийинки алгачкы добуш берүү. 250 орундуу парламентке улутчулдардан баштап батышчыл реформачыларга чейинки 20 саясий партия ат салышууда.

Борбор шаар Белграддын тургундары добушканаларга келечекте оң өзгөрүүлөр болот деген илгери үмүт менен барышты:

- Бул шайлоо оң жылыштарга алып келет деп үмүттөнөм, демократиялык өзгөрүүлөргө, бакубат турмушка алып келет деп үмүт кылам, - дейт шайлоочулардын бири.

Шайлоого чейинки сурамжылоолор көргөзгөндөй, улутчул радикал партия менен президент Борис Тажичтин батышчыл партиясы бирдей сандагы добуш алышы мүмкүн. Шайлоону жеңген партияга өкмөт куруу тапшырылмакчы.

Премьер-министр Воислав Коштуницанын демократиялык партиясы элдин пикирин сурап билүүлөрдө үчүнчү орунда баратат.

Өкмөт түзүүгө келгенде, ал негизги атаандаштардын экөөнү тең колдошу мүмкүн деп болжолдонууда.

Жаңы өкмөткө экономикалык жана саясий реформалар, Ратко Младич жана башка согуш кылмышкерлерин кармоо, Косовонун макамын аныктоо өңдүү оңой эмес маселелерди чечүүгө туура келет.

БУУ быйыл Косовонун тагдырын биротоло чечүүгө белсенип жатат. Батыш, албан тектүү тургундар үстөмдүк кылган чөлкөмгө эгемендүүлүк берүүнү жактайт.

Андыктан Косоводо жашаган серб азчылыгы шайлоого жапырт катышып, акыркы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өз пикирин ортого салууну көздөшөт.

- Мен саясатчылар биздин турмушубузду оңдоого жардамдашат ко деп добуш бердим. Бизди обочодо калтырбай тургандарды шайладым, добушумду радикалдарга бердим, - дейт Косоводо жашаган серб ардагери.

Дагы бир пенсионер социалисттерге артыкчылык берет:

- Мен Ивица Дачичти тандадым. Алар жаман эмес көрүнөт. Шайлоодон кийин жашообуз жакшырат деп күтөм, - дейт Предраг Николич.

Кандай болбосун, батышчыл Тажичтин партиясынан башка саясий күчтөрдүн бардыгы эле Косоводон кол жууп калууга макул эмес.

Президент болсо, бул кадамдан сербдер качып кутула албайт деген турумду ээлейт.

Сербияда 6,6 миллиондой адам шайлоо укугуна ээ.

Добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 8де жабылмакчы, алгачкы санактар болсо түн ортосунда белгилүү болушу ыктымал.

(Сүрөттө - өткөн күздөгү Сербиядагы референдумдан бир көрүнүш).

XS
SM
MD
LG