Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

АЙРЫМ МУСУЛМАНДАР ИСЛАМДЫ БУРМАЛАП ЖАТАБЫ?


Уланбек Абдырахманов, Талас Таластагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн айтымында, айрымдар исламды бурмалап, жаш балдарды туура эмес багытта окутуп жатышат. Мисалы, атасы жок жаш балдар үй-бүлөөнү деген эркек башкарыш керек деп, апаларына үстөмдүк кылган учурлар бар. Мындай көрүнүштү милиция кызматкерлери кылмыш ишине барабар деп баалашууда.

Талас шаарындагы мечиттердин бирине барып, намаз окуп жүргөн мектеп курагындагы балдар менен сүйлөштүк. Он беш жаштагы Шахит Сайдадимов эгер үйлөнгөндөн кийин аялым менин айткандарымды аткарбаса, камчы менен урам, дейт:

-Адегенде аялга акырын айтам, аткарбаса экинчисинде катуу айтам. Эгер укпаса камчы менен урам.

«Ислам» деген сөз «тынчтык» деген маанини билдирет. Ушуга байланыштуу дагы бир тескери көрүнүш тууралуу Таластагы «Аялзат» бейөкмөт уюмунун өкүлү Лира Тантабаева буларга токтолду:

- Азыр мечиттерде, мисалы, Кыргызстан деген айылда бир эже айтат. Баласы жетинчи класста окуйт экен. Атасы жок экен. Анан баласы айтат экен: "үйбүлөнү эркек башкарат. Үйдө эң улуу эркек менмин. Апа, сен мага баш ийишиң керек. Жоолук салынышың керек. Менин чечимим менен болосуңар", деп апасына үстөмдүк кылат экен.

Ислам дининде эне балага катуу сөз айтпастан, тескерисинче, ата-энеге сый-урмат кылышы керек. Таластагы Азрети Хамза мечитинин имамы Сулайман Акрамов энелерди көбүрөөк сыйлап, кызмат кылганга пайгамбар буюруган, дейт:

- Ата-эненин көзү өтүп, бала бул дүйнөдө жетим калган болсо, ошол ата-эне өткөндөн кийин алардын ыраазылыгын кандай кылып тапса болот деген суроо болгон пайгамбардан. Атабыз өткөн болсо, эненин ыраазылыгы менен атанын ыраазылыгын табабыз деген. Эне ыраазы болгон болсо, анда кабырда жаткан атанын да ыраазылыгын тапкан болот. Себеби, пайгамбар айткан: бейиш - энелердин таманынын алдында деген. Анткени энелердин балдарга болгон кызматы көп. Ошол себептен энелерди көбүрөөк сыйлап, кызмат кылганга пайгамбар буюруган.

Талас облустук ички иштер бөлүмүнө динди беттине кармап, жаш балдарды зордук-зомбулукка үгүттө фактылары барбы деген суроо менен кайрылдык:

-Жакында Таластын күн чыгыш тарабындагы мечитте элден оозеки арыз-доо түштү. Ошол жерде эч кандай билим албай, бөлөк багыттагы насааттарды айтып, өзү туура эмес түшүнүп алганбы, айтор, жаш балдардын үйлөрүнө барып ата-энелери менен пикирлери келишпей калган учурлар болгон. Мисалы, ата-энеси арак ичип, намаз окубаса, "каапыр болуп каласыңар, силерге баш ийбейбиз", деп ата-энелерге өзүлөрүнүн нааразычылыктарын билдирген учурлар болгон. Үй бүлөгө чатак салганы үчүн Кылмыш-жаза кодексинде атайын беренелер бар. Ошого жараша биз эскертип турабыз,- дейт Талас облустук ички иштер башкармалыгынын диний экстремизмге каршы бөлүмүнүн кызматкери Болот Мамыралиев.

Ушул эле суроого Талас облустук администрациясынын дин иштери боюнча бөлүмдүн башчысы Төрөбек Оторбаев мындай деген оюн ортого салды:

- Ислам динин бөлүп-жаруу аркылуу, анын күчүн кетирип, ошондой эле келечекте аны жокко чыгаруу аракеттери болууда.

Ушул тапта Талас облусу боюнча 87 мечит бар. Мечит курула элек айылдардын имамдарын кошкондо 100дөн ашык дин кызматкерлери Талас облусунда иштеп жатышат.
XS
SM
MD
LG