Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

ОРУС АРМИЯCЫ АСКЕРЛЕРДИ УРУП-САБООДОН АРЫЛА ЭЛЕК


Москвадагы Бурденко атындагы аскерий госпиталга жакында Петербургдан алынып келинген катардагы Роман Рудаковдун абалы дагы эле оор. Аны көрүп чыгуу үчүн атасына ишемби күнү гана уруксат берилген. Романдын эжеси айтканга караганда, инисин аскерлер ичтен ары коюп жибергенден кийин ооруканага түшкөн. Бирок, доктурлар менен аскер кызматындагылар Рудаковду уруп-сабоо болбогонун айтышкан.

Анын оорусу кандын бузулушунан улам болуп атат дешкен. Ооруган аскердин туугандары бийлик армиядагы ички тартипти сактоодогу уруп сабоону айттырбаш үчүн кысым көргөзүп атканын айтышкан.
Ал эми Петербургдук «Аскер энелери» уюмунун жетекчилеринин бири Элла Полякова айтканга караганда Роман Рудаковдун оорусунун баянын доктурлар да эч кимге көргөзбөй жатышат.
Оорулуу аскерди азыр Москвада дагы бир жолку союуга даярдап атканы белгилүү болду.

Катардагы аскер Роман Рудаковду доктурлар 2006-жылы 25-сентябрында союшкан жана андан кийин дагы тогуз жолу союшкан. Натыйжада оорулуу аскер Санкт-Петербург калаасында жүз күнгө чукул эс учун жыя албай жаткан. Адам укугун коргоочу уюмдар чуу көтөрө баштаганда катардагы жоокер Рудаковдун тагдырына армиянын жогорку жетекчилиги көңүл буруп, прокуратура аны иликтөөгө ала баштаган.
Катардагы аскердин досу Николай Заборовскийдин айтымында Роман Рудаков да, куду Андрей Сычев сыяктуу армиядагы ички тартипти тейлөөдө аны токмоктоп-сабоонын айынан ооруканага түшкөн.

Санкт-Петербургдагы «Аскер энелери» уюмунун жетекчилеринин бири Элла Полякова катардагы аскер Рудаковдун узакка оорушуна орусиялык армияда адамды барк албоо себепкер болду дейт.

«Бул Рудаковдун бир эле токмок жешинен эмес ага доктурлук жардамдын өз убагында берилбешинен жана ачарчылыкка учурашынан улам болгон», - дейт Полякова.

Чөнтөк телфону аркылуу инисине жазган катында катардагы Рудаков ооруканага түшө элегинде аны чоң муштум аскерлер кантип сабаша тургандыгын билдирген жана ошондон улам өз жанын өзү кыйсамбы деп жүргөнүн айткан.

Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов болсо армияда ички тартипти сактоодо жоокерлерди эч кандай уруп сабоо болбой тургандыгын айтат. Ал эми Рудаковадун окуясын ар кимдин башына келүүчү кадимки сыркоо катары мүнөздөйт:

«Бул таптаза медициналык көрүнүш. Роман Рудаков өткөн жылдын 25-сентябрында ичим ооруйт деп даттанганда аны доктурга жаткырышкан. Анын армиядагы ички тартипти сактоо менен эч кандай байланышы жок».

XS
SM
MD
LG