Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 04:02

6:00 ЖК комитети Феликс Куловдун талапкерлигин кайрадан карайт


Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитети премьер-министрликке экинчи жолу сунушталган Феликс Куловдун талапкерлигин бүгүн кайрадан карашы күтүлүүдө. Аталган комитеттин төрагасы Исхак Масалиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда маселе комитетте каралган соң, шейшемби же андан аркы күндөрү парламент жыйынына коюлат. Өткөн бейшембиде Жогорку Кеңеш премьер-министрликке көрсөтүлгөн Феликс Куловдун талапкерлигин колдогон эмес. Талапкерди колдоп болгону 23 гана добуш берилген.(SM)

XS
SM
MD
LG