Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

22- ЯНВАРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргызстан Жогорку Советинин 1991-жылдын 22-январында өткөн III сессиясында Кыргызстан Республикасынын Министрлер кабинети туурасында мыйзам кабыл алынды. «Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз» аттуу ураан 1994-жылдын 22-январында өткөн Кыргызстан калкынын I Курултайында айтылды.

Орус саякатчысы Филипп Ефремовдун Ортоазияга арналган китеби 1794-жылдын бу күндөрү окурмандын колуна тийди. Саякатчы Бухара, Хива, Персия жана Индияга жасаган саякат маалында өткөн окуяны саймедиреп, Ош менен Кашгар арасында кыргыздар жашай тургандыгын кабарлаган.

Кыргызстан Жогорку Советинин 1991-жылдын 22-январында өткөн III сессиясында президент Аскар Акаев парламентке Кыргызстан Республикасынын Министрлер кабинетин куруу сунушун киргизди. Прламенттик талкуу натыйжасында, «Кыргызстан Республикасынын Министрлер кабинети туурасында» Мыйзам кабыл алынып, мамлекеттик башкаруу структурсы жана алардын кызмат милдеттери аныкталды. Мыйзамда каралгандай мамлекеттик бийликке вице-президент кызматы киргизилип, жергиликтүү бийлик органдарынын ыйгарым укуктары белгиленди. Мыйзамдык өзгөрүү натыйжасында, жергиликтүү депутаттардын ыйгарым укуктары жана алардын милдеттери түп тамырынан өзгөртүлдү. Жаңы министрлер кабинети туурасындагы мыйзамга жараша, премьер-министрлик кызматка-Насирдин Исанов, мамлекеттик катчылыкка-Турар Койчиев шайланышты.

«Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз» аттуу ураан 1994-жылдын 22-январында өткөн Кыргызстан калкынын I Курултайында айтылды. Курултайга Кыргызстанда жашаган калктардын өкүлдөрү, саясий партия жетекчилери, коомдук ишмерлер чакырылып, анын ишине Президент Аскар Акаеев катышты. Курултайда сүйлөгөн мамлекет башчысы, азыркы Кыргызстан мамлекетин курууга мында жашаган калк өкүлдөрү катышкандыгын белгилеп, Кыргыз өлкөсү жалпыга таандык деген идеологияны жыйын талкуусуна койду. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы үчүн кош граждандуулук керек экендигин жана ал норманы Конституция аркылуу бекемделиш зарылчылыгын көтөрдү.

Президент Аскар Акаевдин 2004-жылдын 22-январындагы Жалалабад областынын коомчулугу менен жолугушуу маалында, айрым адамдар мамлекет башчысынын бийлик мөөнөтүн узартуу жана ага Кыргыз Эл баатыры наамын ыйгаруу туурасында сунуштарын киргизишти.

Бул күнү, 1724-жылы Россия илимдер Академиясы уюшулуп, 1905-жылы падышалык аскерлер бейпил демонстацияны атып, 1775-жылы атактуу француз илимпозу, физик, математик жана химик Ампер Андре Мари, 1788-жылы айтылуу англис акыны Джордж Ноэль Гордон Байрон, 1947-жылы акын Кубанычбек Адамалиев жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG