Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

АРМЯН ГЕНОЦИДИ ТУУРАЛУУ ЧЫР КАЙРА АЛООЛОНДУ


Аким Өзгөн Журналист Хрант Динктин адам колдуу болуусу Түркияны дүрбөлөңгө салып, басма сөздөрдө армиян геноциди тууралуу чыр кайра алоолонду.

Теги армян түркиялык журналист Грант Динктин өмүрүнө кол салуу окуясы Батыштагы жана Түркиядагы басылмаларда күчтүү резонанс пайда кылды. SUNDAY TIMES «Түрк улутчулдар абдан чек койгон редактор окко учту» деген кабарында, Грант Дринкке кол салуу окуясы Евробиримдикке мүчө болуу жараянынын өнүтүнөн алып караганда абдан оңтойсуз бир учурда ишке ашканы бышыкталса, британиялык The Telegraph гезити журналист Дринкке кол салынуусу Түркиянын Евробиримдик мүдөөсүнө оор запкы урарын болжолдогон.

«Түркиянын үрөйү үчтү» деп жазган Париждин Le Mondu бул окуянын артында саясий жүйө турарында эч кандай шек жок экенин далилдеген. Испаниянын El Mundosu Грант Дринкти атып өлтүргөн 17 жашаар башкесер окуянын артынан 32 саат өтпөй кармалганын кабарлады.

Түркиялык Hürriyet гезити кийинки санында Грант Дриктин өмүрүнө кол салуу окуясына карата түркиялык саясатчылардын реакцияларын окурмандар менен тең бөлүшкөн. Анда жазылганга ылайык, Улутчул аракет партиясынын төрагасынын орун басары Али Ишиклар «Бул окуянын артында сырткы күч борборлору бар» десе, Ербакандын Саадат партиясынын өкүлү Шевкет Казан мырза «ок аткан 17 жашаар бала болгон менен анын колуна тапанча карматкандар CIA менен MOSSAD уюмдары. Алар Түркиянын бейпилдигин бузуп туруксуздаштыргылары келет» деп айткан. Лондондо чыгуучу Independent гезитинин атактуу серепчиси Роберт Фиск болсо «Грант Дринк армян геноцидинин 1,500,001-курмандыгы болду» деп Түркия менен Армениянын ортосунда уланып келаткан геноцид чырына шилтеме жасаган.

Eurasia View аталган ветсайтта Карасуу эл базарынын деректири Рысбек Жоошбековдун адам колдуу болгон окуясына сереп салган макала жарыяланды. Саясий жана бизнес чөйрөсүндө кийинки аралыкта болгон атып өлтүрүү окуяларын талдап отуруп, макалада кыргыздар жоогазын ыңкылабынан кийин куралданып, өз коопсуздугуна өзү кепилдик кылуу пикирине жылуу карай баштаганы жана жеңилдетилген курал режими себептүү Кыргызстан жакын аралыкта америкадагы «жапайы батышка» айланып кетүүсү ажеп эмес экени белгиленет. Ошол эле Интернет барагында жарыяланган айрым макалада Фергана өрөөнүндө диний нааразылыктар кайрадан сезиле баштаганы тууралуу пикир билдирген.
XS
SM
MD
LG