- Сизден, албетте, Жогорку Кеңеште бүгүн-эртең орун алуучу айрым окуялар боюнча көз карашыңызды сурайлы деп турабыз. Оболу премьер-министрди бекитүү маселеси тууралу. Бүгүн Феликс Куловдун талапкерлигин кайрадан комитет караганы жатат. Сиздин божомол кандай, Кулов экинчи айлампада өтчүдөйбү?
- Менин оюмча, өтүшү кыйыныраак болот. Себеби депутаттардын көпчүлүгү ХИПИК маселеси боюнча каршы болуп атат. Ошол өтө ойлондуруп турат бүгүнкү күндө.
- Жашыруун болбосо сиз да өткөндө каршы добуш бергендердин катарында болдуңузбу?
- Ооба.
- Демек, алдыда чечимиңизди өзгөртпөйсүз?
- ХИПИКти ал киши колдогон болсо мен каршы турам. Ошон үчүн акырына чейин парламентти таратса дагы мен каршы болом. Себеби, бул элдин талабы. Сиз билесиз, депутаттардын 70 пайзына эл ишеним берген, калган 30 пайызы өз эмгеги менен өткөндөр. Ошон үчүн биз элдин үнүн укпай, ХИПИКке киребиз деген кишини колдоп добуш берсек, анда элдин үнүн бул жерде айтпаган болуп, өзүбүздүн жеке кызыкчылык үчүн, ушул жерде мандат сакташ үчүн отуруп калган болобуз. Мен ошол себептен ХИПИКке киребиз десе каршымын деп акырына чейин каршы добуш берем. Мен элдин үнү боюнча гана ушул позицияда турам.
- Демек сиздин көз карашыңызда маселенин кандай чечилиши премьер-министрлике көргөзүлгөн адамдын жеке программасына жараша болот экен. Эми башка маселелерден. Өзүңүз билесиз, өлкө азыр бюджетсиз жашоодо. Жогорку Кеңеш өткөн эки жылдын бюджетинин аткарылышын беките элек. Өкмөт бекитилгенден кийин кандай болсо да бюджетти тез кабыл алуу талап кылынса керек. Бирок, парламент менен азыркы милдетин аткарып жаткан өкмөттүн ортосунда канча баскычтуу бюджет болушу керек деген маселе боюнча мунаса жоктой. Мыйзам боюнча эки баскыч болуш керек. Бирок каржы министрлиги буга өлкө даяр эмес деп жатат, туурабы?
- Чынын айтсам, туура эмес маселелер болуп атат. “Азаттыктын” угуучуларынын көпчүлүгү өтө активдүү биздин Кыргызстандын жарандары. Ушулар билишет, биз административдик-аймактык реформа кылыш үчүн эки тепкичке бармайынча ал жүрбөйт. Ушулар билишет эмне үчүн бизде элдин бийликке болгон нааразычылыгы көп, эмне үчүн эл бийликке жакшы ишенбейт. Мына башка өнүккөн өлкөлдөрдө бийликти өтө сыйлайт. Бизде андай жок. Себеби бизде бюджеттин 30-40 пайызы жер-жерлерде жолдордо уурдалып кетип, элге жетпей калып атат. Бүгүнкү аз бюджетибиз 22 млрд. сомубуз дагы элге жетпей калып атат. Эгерде биз эки тепкичке барсак, айыл кеңештердин өзүнүн тыйынын өзүнө бере турган болсок, ошол жердеги жергиликтүү айылдык кеңештер өздөрү контролдоп керектүү жерлерине иштетип алат эле. Биз эки баскычтуу бюджетке өтсөк, облустарды таркатып жоготушуна алып келет элек. Ансыз алдыга жылышыбыз кыйын. Бизде элде болгон ишеничти көбөйтүш үчүн өзүнүн акчасын жергиликтүү бийликтерге беришибиз керек.
- Демек, али бул маселе боюнча өкмөт менен парламенттин ортосунда көп талаш-тартыш болчудай го?
- Депутаттардын 70-80 пайызга чейини менин оюмча эки тепкичке туруп атышат. Бул жерде ачык айтышыбыз керек, каржы министринин айтышы боюнча жер-жерлерде даяр кадр жок. Берилген акчаларды уурдап, жок кылып, башка жактарга кетип калып атыптыр. 5-10 пайыз болушу мүмкүн. Калган 90 пайызга жакын айыл өкмөттөрүн эл сыйлап эле шайлаган, деңгээли деле жакшы. Бул туура эмес жооп болуп атат. Муну Баткен облусунун бир-эки депутаттары колдоп чыгышты. Эгерде биз эки тепкичке өтүп эле айыл өкмөттөргө акчаны берсек жок кылып коёт деп атышат. Билбейм, Баткенде депутаттардын айыл өкмөттөр менен кандай мамилелери бар? Бирок, менин округумда бардык айыл өкмөттүн деңгээлин жакшы эле баалайм. Аларды эл сыйлайт, алар берилген каражатты туура сарыптайт деген менин жеке пикирим бар. Депутаттардын көпчүлүгү ошол позиция менен турушат.
Сиз билесиз, бүгүнкү күндө айыл өкмөттөргө бериле турган компьютерлер боюнча маселелер чечилбей атат. Алар чечилип, эл менен жакындамайынча, премьер-министр дагы элдин үнүн угуп, элди аралаган киши болмоюнча биздин Кыргызстандын элинин турмушу алдыга жылышы кыйын. Эл бүгүнкү күндө бир кыйла нерселерге нааразы болуп атат. Ошону чечиш үчүн жалгыз эле президент, же парламент эмес, өкмөт башчысы дагы эл менен жакын болушу керек экен. Бул жерге келген дежурныйлардын эле сөзүн угуп, ошол боюнча өзүнүн чечимин кабыл албаган киши керек.
Жаңы премьер-министрди бүгүн комитет карайт. Эгер Куловду өткөрбөй калсак биздин Конституция боюнча жаңы кандидатура киргизиш керек. Эгер Исхак Масалиевдин комитети муну кайтара турган болсо Жогорку Кеңешке алып чыгып, анда эл менен аралашкан, бир топ сапаты бар жаңы кишини алып келиш керек.
- Маегиңизге ырахмат.