Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

МЫЙЗАМДЫК КАРАМА-КАРШЫЛЫКТАН КАНТИП ЧЫГУУГА БОЛОТ?


Кыргызстандагы мыйзамдардын карама-каршылыгы бир ай ичинде эки Конституция кабыл алуу менен жоюлбады. Бул карама-каршылыктар премьер-министрликке талапкерди көрсөтүүдө өзгөчө айкын көрүндү. Россиялык саясат таануучу Кыргызстандагы саясий-мыйзамдык кризис Конституциянын жаңы редакциясына ылайык парламенттик шайлоо өткөрүлгөнгө чейин улана берет деген пикирин жакында эле жарыялады. Буга жергиликтүү саясатчылар кандай карайт?

Өткөн жылы декабрь айында өкмөттүн кызматтан кетүүсү Жогорку Кеңеш тарабынан Конституциянын жаңы редакциясынын кабыл алынуусуна алып келди. Жаңы редакциянын авторлору баш мыйзам бул ирет такталып, анын өткөөл мезгили да өтө айкын, түшүнүктүү берилгенин белгилешкен. Бирок Феликс Куловду экинчи ирет премьер-министрликке президенттин көрсөтүүсү мыйзам талаасында талаш-тартышты кайрадан күчөттү.

Учурда депутаттар, саясатчылар эгерде парламент Феликс Куловду үчүнчү ирет бекитпей койсо президент парламентти таркатууга укуктуубу, же укуксузбу, президент бир эле талапкерди үч ирет киргизе алабы, же албайбы маселелерди кызуу талкуулоодо. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги ыйгарым-укуктуу өкүлү Мырза Капаров «Өкмөт жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга ылайык президент парламентти таркатууга укугу бар экенин 22-январда депутаттарга ачык айтты.

Азыркы учурда мына ушундай карама-каршылыктарды жаратып жаткан маселелерди чечүүнүн жолдору Конституцияда так жазылган. Бирок, ал шарттар партиялык тизме менен шайлоо болгон чакта иштей баштайт.

Мына ошондуктан жаңы парламенттик шайлоо зарыл дейт «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов:

-Менин оюмча жакшы бир туруктуу кырдаалды түзүп, жаңы «Шайлоо» кодексин кабыл алып, консенсус жана мыйзамдуу жол менен 2007-жылы бир шайлоо болушу керек. Ансыз мыйзамчыларга, жалпы эле бийликке ишенбөөчүлүк жаңы туруксуздуктарды алып келиши ыктымал.

Депутат Темир Сариев кайра шайлоо маселени чечерине ишенбейт:

- Менин айтат элем, ал жол туура эмес деп. Эгерде өнүккөн мамлекеттерди алып көрсөк алар өздөрүнүн Конституциясына, мыйзамдарына абдан көп талкууларды беришкен. Ал талкуулар бир нече томдордон турат. Ошондуктан айтаарым, жаңы шайлоо болгон күндө да мындай карама-каршылыктар, түшүнбөстөр боло берет. Ар түрдүү саясий күчтөр Конституцияны да, мыйзамды да өздөрү түшүнгөндөй талкуу кыла берет. Бул буга чейин болгон, азыр да болуп жатат, мындан кийин да боло берет.Ошондуктан биз мыйзамдарга, Конституцияга талкуу берүү жолу менен барышыбыз оң.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышынын төрагасы Абдыганы Эркебаев абалдан чыгуунун мындай жолун көрөт:

- Азыркы шартта өз ара макулдашуу менен көп маселелерди чечсе болот. Кайра-кайра бир талапкерди киргизе берүү бул саясий жактан таңуулоочулук болуп калат. Анын үстүнө ал өкмөт менен бул парламент өткөндө кызматтан кетүү боюнча бири-бири менен катуу келишпөөчүлүктө болгон. Ошон үчүн өткөргөн жок. Менин оюмча, азыр эки тарапты тең канаатттандыра турган башка кишини көрсөтүү менен жол тапса болот.

Юридика илимдеринин доктору Серикул Косаков президенттин Куловдун кайрадан көрсөтүүсү Конституцияга ылайык деген пикирде:

- Президенттин ыйгарым укуктары Конституцияда каралган. Башка мыйзам болбойт. Ошондуктан президенттин ыйгарым укуктары андай-мындай деп айтышка болбойт. Конституцияда кандай каралса ошондой караш керек. Кандай мыйзам болбосун ал Конституциядан кийинки экинчи ролдо ойнойт.

Бирок, Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети бир эле талапкерди премьер-министрликке кайра-кайра көрсөтүү Жогорку Кеңештин «Регламенти жөнүндөгү» мыйзамына каршы келерин айтып, Феликс Куловду кайра премьер-министрликке көрсөтүү мыйзамсыз деген чечим кабыл алды. Эми маселени парламент карамакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG