Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 12:04

АНГЕЛА МЕРКЕЛЬ МЕНЕН ВЛАДИМИР ПУТИН ЖОЛУГУШТУ


Айгүл Жунушалиева, Бишкек 21-январда Сочиде Орусия президенти Владимир Путин менен Германия канцлери Ангела Меркель айымдын жолугушуусу болуп өттү. Сүйлөшүү учурунда энергетикалык коопсуздук, эки өлкөнүн мамилелерин жакшыртуу маселелери козголду.

Канцлер айымдын убактысы тар болгондуктан анын иш сапары бир күнгө гана созулду. Ак карга чөмүлгөн Орусиянын Сочи курорту кышында өзгөчө көрктүү, андыктан расмий өкүлдөр айтылуу орус кышын көрүп кетүү үчүн сүйлөшүүлөргө дал ушул шаар тандалып алынган.

Жолугушуу учурунда Ангела Меркель Орусия – Германия мамилелери тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

- Эки мамлекет ортосунда көп тармактар боюнча, өзгөчө энергетика жаатында кызматташуулар жүрөт. Андыктан биз Орусия менен туруктуу, бекем мамиледе болууну каалайбыз. Мен келечекте биздин мамилелер дагы да жакшырат деген үмүттөмүн.

Жолугушуу учурунда энергетикалык коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Орусиядан чыккан мунай Европа өлкөлөрунө Белорусия аркылуу өтөт. Жыл башында болсо Белорусия бир тараптуу түрдө өз аймагы аркылуу Орусия газын ташып өткөрүүгө салык салып, Европанын бир далай өлкөлөрү мунайсыз калган.

Ангела Меркель ушул сыяктуу көрунуштөр эми кайталанбайт деген үмүтүн айтып билдирди.

- Менимче 10 -15 жылга созулчу мамилерден Орусия да, Евробиримдик да пайда табышы керек. Биз бири бирибизге жакынбыз жана муктажбыз.Ошондуктан жыл башында орун алган жагымсыз көрүнүштөрдөн алыс болушубуз керек.

Ал эми Владимир Путин болсо Орусия Германия үчүн стабилдүү энергетикалык өнөктөш болуп кала берээрин баса белгиледи.

- Биз транзит мамлекеттер менен кызматташууга даярбыз. Болгону ортодогу мамиле ачык жана таза болушу керек. Андыктан биз менен кызматташууну жана достошууну каалагандардын баарына биз "ооба" дейбиз, ал эми мителерге "жок" дейбиз,-деп айтты Владимир Путин.

Быйыл Германия Евробиримдикке төрагалык кылат. Андыктан канцлер айым Еврошериктештик менен Орусиянын ортосундагы мамилелерге төмөнкүчө токтолду:

- Менимче иш сапар мыкты өттү.Сүйлөшүүлөр убагында көптөгөн маселелер талкууланды. Келечекте Евробиримдик менен Орусиянын ортосундагы мамилелер дагы жакшырып, түшүнбөстүктөр болбойт деп ойлойм.

Германия – Орусиянын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөшү. 2006-жылы эки мамлекет ортосундагы сооданын өлчөмү 30 пайызга көбөйгөн. Ал эми Германия жалпысынан орус экономикасына 2006-жылдын тогуз айында 2 млрд доллар инвестиция жумшаган.

XS
SM
MD
LG