Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

КУЛОВДУН АЙЛАНАСЫНДА САЯСИЙ ОЮН КЫЗЫДЫБЫ?


22-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш комитети президент Курманбек Бакиев премьер-министрлик кызматка Феликс Куловдун талапкерлигин экинчи жолу көрсөтө албайт деген бүтүм чыгарды. “Ар намыс” партиясынын лидери Эмил Алиев комитет туура эмес чечим чыгарганын, 23-январда аталган партиянын мүчөлөрү Куловду колдоп Жогорку Кеңештин жанына митинг уюштурарын айтты.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Искак Масалиев аталган комитеттин бүгүнкү жыйыны тууралуу буларга токтолду.

-Бүгүн парламенттин комитетинин жыйынында биз Феликс Куловдун премьер-министрликке талапкерлигин көрсөтүү маселесин карадык. Комитеттин мүчөлөрү жана жыйынга катышкан көпчүлүк депутаттардын пикирлеринин негизинде Кыргыз Республикасынын президенти жаңы талапкерди көргөзүү керек, деген жыйынтык чыгардык. Ошондуктан бул маселени сессияга киргизип, биз депутаттарга кайрылабыз, «бул маселени карабай президентке кайтарып берели, президент башка кандидатурасын берсин»- деген сунуш менен кайрылабыз, - деди Искак Масалиев.

Ал эми депутат Болот Шерниязов болсо комитеттин чыгарган тыянагына президенттин дагы, өкмөттүн дагы парламенттеги өкүлдөрү жетиштүү аргументтерин келтире албаганын, Куловдун талапкерлигин комитетте коргой алышпаганын айтты.

«Ар намыс» партиясынын түштүк аймагы боюнча координатору Бөдөш Мамырованын пикиринде, парламент комитетинин бул маселени бир жактуу карап, Куловду өткөрбөө аракети бийликтин таасири менен болушу мүмкүн.

-Депутаттардын айтымына караганда, биздин баамыбызда дагы бул маселенин чечилишине президенттин бир эле сөзү болуп турат. Эгерде бул жолу дагы Куловдун талапкерлиги парламенттен өтпөй калса, анда мен президенттин бул маселеге көңүл кош караганы, деп баалайм, - деди Бөдөш Мамырова.

Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрага орун басары Райымбек Мамыров, «ак үй» тараптан эч кандай көрсөтмө болбогонун, бийлик кандайдыр бир кысым жасабаганын, комитеттин бүтүмү мыйзамдын чегинде чыгарылганын айтты.

-Бул жерде Куловго каршы болуп жаткан эч ким жок. Премьер-министрге экинчи жолу алып келген талапкер мындай-андай мыйзамдарга каршы келди деген аныктама берилип жатат.

Ал эми Эмил Алиев «Арнамыс» партиясынын мүчөлөрү 23-январда Жогорку Кеңештин жанына Феликс Куловду колдоп, тынч митинг өткөрө тургандыктарын билдирди.

18-январда Жогорку Кеңеште премьер-министрлик кызматка Феликс Куловдун талапкерлиги коюлуп, добуш берүүгө 65 депутат катышкан. Алардын ичинен 23 жактап, 39 каршы добуш беришкен.

XS
SM
MD
LG