Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

ШЕРИКТЕШТЕР КУБОГУНДА “ДОРДОЙ-ДИНАМО” КОМАНДАСЫ УТУЛУУДА


Кабыл Макеш, Бишкек Футбол боюнча Москва шаарында өткөрүлүп жаткан Шериктеш өлкөлөрдүн кубогунда Кыргызстандын “Дордой- Динамо” командасы эки беттешүүдө катары менен жеңилүү ызасын тартты. Бүгүн акыркы атаандашы менен беттешүүсү болмокчу?

Өлкө чемпондугун үчүнчү ирет сактап калган Нарындын «Дордой- Динамо» командасы Шериктештер кубогунда биринчи беттешүүнү 20-январда Эстониянын чемпиону «Левадия» командасы менен өткөрүп, 4:0 эсебинде утулуп калды. Экинчи оюн 21-январда Азербайжандын былтыркы чемпиону «Баку» командасы менен болуп, мында дагы «дордойчулар» 2:0 эсебинде жеңилүү ызасын тартышты. «Дордой- Динамо» командасынын чечүүчү таймашы 23-январда Молдованын чемпиону «Шериф» командасы менен болмокчу. Кыргызстандык футболчулар атаандаштарынан жеңилип, чейрек финалга катышуу укугунан айрылды.

Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор кубогунда Нарындын «Дордой- Динамо» командасынын утулуп калуу себептерин команданын жетекчилеринин бири Мурат Дүйшөналиев айтып, мындай деди:

-«Көкжардагы» жасалма кыртыштуу футбол талаасы кар алдында калып, муз болгондуктан машыгуу үзгүлтүккө учурады. 2 күн гана толук машыгууга мүмкүндүк болуду. Москвада дагы мына ушундай жасалма футбол аянтында таймашуулар өтүп жатат. Москвада атаандаштардан апкаарып, жаштар жаштык кылышты. Анын үстүнө атаандаштар Европа футбол клубдарында ойногондуктан алардын денгээли жогору. Бизден 40-50 жыл алдыга кетишкен. Мындан да ири эсеп менен утулуп калабызбы деп чочулагам. Мелдеш кыргыз футболунун деңгээлин көрсөттү. Кыргызстандагы экономикалык жагдай дагы футболго таасирин тийгизет.

Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор кубогуна катышкан Кыргызстандын командалары ар жыл сайын ири эсеп менен утулуп, уят болгонун өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов айтып, Европа аймагында ойногон атаандаштарга теңелүү кыйын деди:

- Жок дегенде быйыл бир жолу тең чыгып келсе деп тилек кылган элек. Жыл сайын ири эсеп менен жеңилип келишип, ишенич акталбай келатат. Быйыл өз тобун утуп, чейрек финалга чыкса деген үмүт дагы акталбай калды окшойт. Ушундай чоң мелдештерге катышып турса гана футболдук чеберчилик жогорулайт.Кыргыз футболу 2-3 эле ишкерге керек сыяктуу өгөй мамиле болуп келатканы өкүндүрөт. Негизи футболго мамлекеттик деңгээлде жардам, колдоо керек.

Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов айтымында, өлкөдө футболду өнүктүрүү үчүн чемпионатты жакшы жолго коюп, деңгээлин жогорулатуу зарыл. Курч беттешүүлөрдүн жоктугу чеберчиликти аксатып турат. Ар бир облуста жок дегенде бирден команда болуусу шарт. Тилекке каршы, Чүй, Бишкек, Оштун командалары менен чектелип, чыныгы кесипкөй 2-3 футбол клубу гана иштейт. "Мыкты келечектүү жигиттер коңшу өлкөлөргө кетип кала бермекчи” дейт Бообек Кадыркулов.

Нарындын «Дордой- Динамо» командасынын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытов негизги оюнчуларынан сырткары да башка командалардан кошумча футболчуларды катарына кабыл албаса дагы утулушу мүмкүн дешет спорт адистери.

Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону 1992-жылдан бери ФИФАга мүчө катары эл аралык мелдештерге катышып жүрөт. Ошондой эле он беш жылдан бери өлкөнүн жеңүүчүлөрү Москвада өтүп жүргөн Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор кубогуна катышып келүүдө. Ушул жылдар аралыгындагы 44 беттешүүдө кыргызстандык футболчулар чеке жылытаарлык ийгилик жарата албай, бир да оюнда жеңишке жетишкен эмес. Төрт ирет тең чыгышкан. 40 жолу жеңилүү ызасын тартышты. Өлкөнүн чемпиону Нарындын «Дордой- Динамо» командасы Шериктештер кубогуна үч жолу катышып, өз тобунан алдыга чыга алган жок.

Ошону менен бирге команданын үч негизги оюнчусу - Валерий Березовский, Андрей Краснов жана Сергей Князев жаракат алгандыгына байланыштуу Москвага барбай калышты.

«Дордой-Динамонун» негизги турнири быйыл апрель айында Пакистанда өтүүчү АФКнын «Президенттик кубогу» болгондуктан бул оюнчулар жаракатынан жакшылап айыгышы зарыл.
XS
SM
MD
LG