Ал эми «Жаңы мезгил» партиясынын мүчөсү Рита Сулайманова болсо парламент премьер-министрликке Феликс Куловдун талапкерлигин колдоосу керек деген пикирде.
- Эмне себептен али күнчө жогорку бийликте «портфель» талашуу токтобойт. Ушу Куловду кызматынан алып салса, ордуна башка адам келип Кыргызстанды бир жылдын ичинде оңойбу? Келгиле ушул өкмөттү колдоп коелу. Келгиле, Кулов жетектеген өкмөткө мөөнөттү берели. Эл үчүн иштеп берсин.
«Жаңы мезгил» партиясынын мүчөлөрү "Кулов-Бакиев тандемин колдойбуз!" деп кыйкырып турушту. Алар депутаттарды өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутуп, элди ойлобой эле, өздөрүнүн байлыгын арттыруу аракетин көрүп жатышат, деп айыпташты.
Ушул эле учурда Жогорку Кеңештин алдында «Кыргызстанды сактоо патриоттук кыймылы», «Революцияны колдоо», жаштардын «Жебе», ХИПИКке каршы кыймылдарынын отузга чукул мүчөлөрү митинг өткөрүштү. Алар ХИПИК программасына кирүүгө чакырып аткандыгы үчүн Куловду премьер-министр кызматына өткөрбөө керек деген ураан-талаптарды коюшту.
Кыргызстанды сактоо патриоттук кыймылдын кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаев парламент премьер-министрликке Куловдун талапкерлигин экинчи ирет көрсөтүү аракетине каршы пикирин билдирди.
- Бийлик Феликс Куловду колунан жетелеп, премьер-министр кылабыз дегенине каршыбыз. Кулов саясатчы катарында өткөндө айтпадыбы, «мен жүдөтүп-жүдөтүп отуруп, кайтадан премьер-министр болом»,- деп ишенимдүү айтканы туура эмес. Анын айтканына караганда, ал Бакиев менен биргелешип алып, далай иштерди бүтүрөм деген сөздү кыйытты,-деди Сапар Аргынбаев.
Жогорудагы төрт кыймылдын мүчөлөрү, Феликс Кулов ХИПИКсиз эле Кыргызстанды экономикалык кризистен алып чыгам деген оюн билдирсе, ага эч кандай каршылык көрсөтүлбөстүгүн айтышты. Эгерде Кулов премьер-министрлик кызматка бекитилип, ХИПИК программасына кирүү максатынан кайтпай турган болсо, анда өлкө аймагында ар кандай нааразылык акцияларын өткөрүшүп, Кыргызстанды эл аралык каржы уюмдарынын туткунунан сактап калуу үчүн катуу аракеттерди көрүшөөрүн билдиришти.