Примор крайынын ордо калаасы Владивостоктогу университетте сырттан окуучу хабаровдук таанымал журналист Константин Боровкону 20-январдын кечинде түнкү клубга барып кайра келатканда кимдир бирөөлөр өлтүрүп кетишкен.
Дүйшөмбү күнү журналисттин өлүмү коомчулукка маалым болгондон соң Ыраакы чыгыш федералдык округу боюнча президенттин өкүлү Камил Исхаков маркумдун тууган туушкандарына көңүл айтып «кылмыштын бетинин ачууга өзүм көз болом», деди.
Бирок, анализчилер Орусияда канчалаган журналисттер киши колдуу болуп өлбөсүн кылмышкерди табуу, а кээде аны изилдөө дегеле болбойт дешет. Ошол себептен кылмыштын жолуна түшкөндөр коркутуп үркүтүү ыгын пайдаланып журналисттердин сезин алып дегеле басма сөздүн оозун таңып салууга жетишти дешет.
«Губерния» сыналгысынын чыгаан журналисти Боровконун өлтүрүлүшүн Первореченск райондук прокуратурасы кимдир бирөөлөрдүн ээнбаштык кылмышы же аны тоноо максатта кол салуусу болгон деген божомол айткан. Журналистти билгендер болсо андай кол салуу Боровконун кесибине байланыштуу дешкен.
Өз кезегинде Владимир Путин массалык маалымат каражаттары менен аны жасап аткан журналисттер бийликке көз карандысыз ишкердикте деп айтып кетет.
«Биз бул жактан ала келгенде башка өлкөлөрдөн жакшы да жаман да эмеспиз», - деген болчу Владимир Путин
Америкалык «Журналисттерди коргоо комитети» болсо Орусияны көп журналисттери киши колдуу болуп өлгөн дүйнөдөгү беш мамлекеттин бири экен деген жыйынтык чыгарган.
Былтыр Анна Политковская атылгандан кийин, так айтканда, 26-октябдре журналисттер союзунун башчысы Игорь Яковенко кийинки 15 жыл ичинде Орусияда киши колдуу болуп өлгөн журналисттердин тизмеси жарыялап атканын билдирген эле.Хабаровдук таанымал журналист Константин Боровконун өлтүрүлүшү ал тизменин өсүп баратышын билдирип тургандай.