Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:55

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ КУЛОВДУ БЕКИТЕТ, БЕКИТПЕЙТ….


Жогорку Кеңеш Феликс Куловго байланыштуу Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин чечимин бүгүн карап, маселе боюнча добуш берүүнү бейшемби күнгө белгиледи. Комитет өз чечиминде премьер-министрликке Феликс Куловду кайрадан көрсөтүү «Регламент жөнүндөгү» мыйзамга каршы келерин, ошондуктан аны карабоону парламентке сунуштаган.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети мындай чечимди 22-январдагы жыйынында кабыл алган. 23-январда болсо депутаттар алгач күн тартибиндеги мыйзамдарды карай баштаган. Бирок, премьер-министрди дайындоого макулдук берүү маселесин түшкө жуук Өмүрбек Текебаев көтөрдү.

Мына ушундан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Исхак Масалиевге сөз берди. Ал комитеттин чечимин маалымдап, андан кийин депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Талкуунун жүрүшүндө бир катар депутаттар комитеттин чечимин сынга алса, экинчи тобу колдоого алды. Айрым депутаттар премьер-министрге талапкерди үч ирет бекитпей коюу парламентти таркатууга алып келет деп тынчсызданууларын айтышты.

Депутат Өмүрбек Текебаев мыйзамдарды тегиз пайдалануу маселесин көтөрдү:

- Бир эле талапкер кайра-кайра келбесин деген регламенттеги жобо премьер-министрге гана эмес, судьяларга да тиешелүү. Туурабы? Жалпы баарына жазылган. Ал эми сиздин комитетиңизге Жалалабад областык судьялыгына дайындалуу үчүн келген бир талапкер айым бул жерде кайра-кайра сунушталып жатпайбы?

Буга жооп берүүдө Исхак Масалиев оңтойсузданып, судьянын талапкерлигин алып чыгууда катачылык кетип калышы ыктымалдыгын билдирди. Ал эми депутат Кубатбек Байболов мыйзамды алалап пайдалануу жакшылык менен бүтпөсүн эскертти:

Ал эми депутат Муратбек Мукашев Масалиевдин комитетинин чечимин колдоорун айтты:

- Мыйзамдар каралып жатканда түшүнүк менен талкуу, ал логикага сыябы, сыйбайбы деген маселе болбош керек. Ушуга байланыштуу «Өкмөт жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга көңүлүңүздөрдү бургум келет. Анда «Премьер-министрликке үч ирет көрсөтүлгөн талапкерлерди Жогорку Кеңеш четке каккандан кийин…» деп жазылган. Анда үч ирет көрсөтүлгөн талапкерди деген эмес. Ошондуктан комитеттин чечими конституцияга, мыйзамдарга каршы келбейт деп, аны колдогонмун. Сиздерди да комитеттин чечимин колдоого чакырамын.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков жана депутат Аваз Момункулов премьер-министрликке талапкерди бекитпей коюу парламентин тарашына алып келиши ыктымалдыгын эскертип, Исхак Масалиев парламент астына жарылуучу зат коюп жатпайбы деп шектенди.

Мына ушундай маанидеги талкуулардын соңунда депутаттар комитет сунуштаган токтом долбоору боюнча бейшемби күнү жабык добуш берүү чечимин кабыл алышты. Токтом долбоору боюнча добуш берүүнүн маанисин Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов мындай баалады:

- Биринчи добуш берүү баарын айкындыкка чыгарат.Эгерде депутаттар комитеттин чечимин колдоп добуш берсе, анда Феликс Шаршенбаевич парламенттен өтө албашы айкын болот. Андай шартта анын талапкерлигин көрсөтүүнүн зарылчылыгы да болбойт. Эгерде комитеттин чечими колдоо таппаса, анда Куловдун өтүүсүнө мүмкүнчүлүк ачылат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG