Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:48

ЫСТАМБУЛДА ӨЛТҮРҮЛГӨН ЖУРНАЛИСТТИН ТАЖЫЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ


Нарын АЙЫП, Прага 23-январда Ыстамбул шаарында журналист Грант Динктин тажыясы болду, шаардын борбордук көчөлөрү аркылуу миңдеген адам демонстрация өткөрдү. Динк жума күнү өлтүрүлгөн жана аны аткан жигит ишемби күнү Самсун шаарында кармалды. Курман болгон журналист 2005-жылы - мындан 90 жыл мурда Түркияда армяндардын кырылганы жөнүндө жазгандыктан соттолуп, абакка да жатып чыккан.

Грант Динк 1954-жылдын 15-сентябрында Түркиянын Малатья шаарында туулган, улуту боюнча армян. Ыстамбул университетин зоология адистиги боюнча бүтүргөндөн кийин аскерге барып келген жана 1996-жылы Ыстамбул шаарында "Агос" деген гезит негиздеп, анын баш редактору болгон.

Гезит жумасына бир жолу чыкчу жана негизинен Түркияда жашаган армяндардын турмушун чагылдырып келген, акыркы жылдарда болсо ХХ-кылымдын башында болгон армяндардын кыргыны жөнүндө көп жазып, аны "геноцид" деп атаган.

Эл аралык басымга карабай, Түркия жетекчилиги ал окуяны тукум курутуу деп тааныгандан баш тартып келет жана аны геноцид деп атагандарды - түрк элине акарат кылуу деп күнөөлөйт. Ал тууралуу Кылмыш жобосунда атайын берене да бар жана Динк дагы күнөөлөнүп, 2005-жылы алты ай абакта отуруп чыккан.

19-январ күнү эртең менен бир жаш жигит "Агос" гезитинин редакциясына келип, Динк барбы деп сурап, кайра эшикке чыгып кеткен. Кийин баш редактор кеңседен чыккандан соң, анын артынан басып, ал бир каптал көчөгө бурулганда, аны башка атып өлтүрүп кеткен.

Редакциянын жанында орнотулган видеокамералар жигитти тартып калган жана анын сүрөтү дароо бүткүл өлкө боюнча таратылганда, жигитти тааныгандар полицияга маалымат берген. Ал жигит - 17 жаштагы студент Өгүн Самаст болуп чыкты жана окуя болгон күндүн эртеси Трабзон шаарында жашаган анын атасы менен дагы тогуз адам кармалды. Ошол эле ишемби күнү кечинде болсо Самаст өзү жана аны менен кошо жүргөн төрт жигит - Ыстамбулдан Самсун шаарына автобус менен келгенде, автовокзалда камакка алынды.

Динкти өлтүргөнүн Самаст мойнуна алды жана журналист өз макалаларында бүткүл түрк элин кордогону үчүн аны атып өлтүрдүм деп билдирди. Акыркы эки аптада Самаст Трабзондон Ыстамбулга беш жолу келип кеткен. Баш редактор болсо акыркы айларда аны коркуткан көптөгөн кат алган, бирок алардын бирин дагы полиция же сотко берген эмес, жанына сакчы дагы алып жүрбөгөн.

Динктин тажыясына Түркия бийлигинин өкүлдөрү да катышты, миңдеген адам "Агос" гезитинин кеңсесинен тартып Ыстамбулдун борбордук көчөлөрү аркылуу Ыйык Мария чиркөөсүнө чейин жөө басып келди, анда жаназа окулгандан кийин, журналист - Балыклы деген армян мүрзөсүнө коюлду.

"Менин оюмча, бул чогулган эл - жүрөккө Түркия атылганын көрсөтөт. Биз баарыбыз бүгүн армянбыз. Динкке каршы атылган октор армяндарга гана эмес, бүткүл Түркияга тийди", - деп билдирди журналисттин тажыясына катышкан бир түрк жигит.
XS
SM
MD
LG