Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:00

ЖАМИЛЯ ОРДАБАЕВА – ЧЕХ ӨКМӨТҮНҮН МҮЧӨСҮ


Борбор азиялыктар чет өлкөлөргө кете баштаганына ашып кетсе 20 жылдын ары бериси болду. Ушул мезгил аралыгында жаңы тапкан конушунан өсүп-өнүп, өз адистиги менен таанылгандардын катары улам өсүп барат. Ошол эле убакта жоопкерчиликтүү кызматтарга илинип, өкмөттүк же мыйзамгерлик иш менен алектенгендер саналуу гана. Алардын бири – Чехиянын азчылыктар боюнча министри Жамиля Стехликова ушул шейшембиде Азаттыктын студиясында болуп, кеңири маек куруп берди.

Жамиля Стехликованын кичинекей кези Кыргызстан менен чек арага жакын жердеги Каракорум деген айылда өткөн экен. Ал балалыгын эстегенде биринчи ушул айылды, ат минип, сууга түшүп жүргөн чагын эске түшүрөөрүн эскерди.

Чехиялык жашылдар партиясынын төрагасынын орун басары болгон маектешибиз мындан дээрлик 20 жыл мурда чехке турмушка чыгып, ошол бойдон Чехияны жердеп калган. Өзү жашаган өлкөнүн түндүгүндөгү чакан шаарда тарыхый эстеликтердин, жаратылыштын кор тутулушун карап тура албай, саясатка аралаша баштаган экен. "Анткени саясат аркылуу бир нерсени түп-тамырынан өзгөртсө болот" деп эсептейт ал.

Жамиля Стехликова өткөн аптада парламенттин колдоосуна ээ болуп, ишине жаңы киришкен чех өкмөтүндө азчылыктардын иши менен алектенет. Аны бул кызматка өзү да азчылыктын, улуттук азчылыктын өкүлү болгондуктан көрсөтүлгөн экен.

Азаттыктын студиясында казак жана татар-башкыр журналисттеринин катышуусунда өткөн тегерек стөл маегинде министр айым аял киши болуп туруп, чоң саясатка либералдык позициядагы Жашылдар партиясынын аркасы менен келгендигин жашырган жок. Келечекте Казакстандын Европа шериктештигине кошулуусун анын партиясы реалдуу деп санай тургандыгын белгилеген министр буларды кошумчалады.:

- Жашылдар партиясында бизди эркектер колдойт. Бирок, башка партиялардан партнерлер менен алакалашуу кыйыныраак. Чехияда азыр финансылык жактан көз карандысыз, кесипкөй, саясатка аралашкан аялдардын саны көбөйүүдө. Эгер Евросоюзга кошулгусу келсе, Казакстан да аялдарга азыркыдан кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүшү керек. Аялдардын эмансипациясына алып келүүчү бул тенденцияны эч ким артка бура албайт.

Чехия Европадагы "орто салмактагы" өлкө, калкы билимдүү, казнасы бай мамлекет. Бирок Борбор Азияга келгенде, анын келечектүү, стратегиялык планы бар экендиги байкалбайт. Өлкөнүн көз карандысыздык алгандагы алгачкы президент Вацлав Хавел диктаторлор менен сүйлөшпөйм деп биздин аймакка баруудан караманча баш тарткан, азыркы президент Вацлав Клаус барганы менен, демократиялык баалуулуктар маселесин анчейин көңүлгө алган эмес. Ушуга байланыштуу Чехиянын жаңы өкмөтүнүн саясаты кандай болот?

- Биздин, Жашылдар партиясынын көз карашынан алганда, Орусияда да, Кытайда да, Борбор Азияда да адам укуктары бузулуп жатат. Бизге бул өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолукканда бул тууралуу сөз козгобой коюш кыйын. Ошондуктан жогорку деңгээлде байланыштар болгондо биздин өкүлдөр адам укуктарын коргоонун зарылчылыгын айтып туруштарын камсыздоого аракеттенебиз.

Европалык саясатчы менен маегибизде анын улуту казак болгондуктан, Казакстандагы, жалпы эле регионго мүнөздүү болгон тил жана улуттук иденттүүлүк маселесине кайрылбай кое алган жокпуз. 44 жаштагы чехиялык министр Жамийла Стехликова өзүнүн фамилясы турмушка чыкканга чейин Ордабаева болгонун, атасы белгилүү казак архитектору экендигин, жогоруда айтып өткөн чоң атасынын айлында казакча сүйлөп өскөнү менен, кийин Алматыда жашап, андан соң Маскөөдө окуп, өз эне тилин унутуп калганына өкүнөөрүн жашырган жок.

Бирок, казак кесиптештерибиздин өз эне тилинде берген суроолорун түшүнүп отурду. Ал түрк элдеринин маданиятын жана тилин сактап калуунун зарылдыгына токтолду. Чехияда мындан 100 жыл мурда бүт немисче сүйлөп калган чехтер азыр жалаң эне тилинде сүйлөшөт. Ушуну эскерген маектешибиз казак тилинин келечегине чоң ишеним менен караарын билдирди:

Казак тили убагы келгенде өз алдынчалыкка ээ болуп, орус тилисиз эле күн көрө турган да мезгил келет. Негизгиси, түпкүлүгү ким болсо да, Казакстандын эли казакча сүйлөп калат. Мисалы чехтер да башка тилде сүйлөшчү. Казакстанда да ушундай эле өзгөрүү болот.

Азчылыктардын ишин тейлеген министр катары Жамиля Стехликова Чехиядагы саны мыйзамсыз келгендерин кошпогондо миңге чукулдап калган борбор азиялык диаспора менен да атайын жолугушуп, алардын ишине көңүл бурууга сөз берди. Анын партиясы учурда Дискриминацияга каршы атайын мыйзамдын үстүнөн иштеп жаткан экен. "Бул мыйзам кабыл алынып калса, мигранттар туш келген проблемалардын бир катары жоюлат" деп ишендирди ал. Айтмакчы, министр улуттук гана эмес, сексуалдык азчылыктардын иштерин да тейлейт.

XS
SM
MD
LG