Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:45

АЛЬ-КАИДАНЫН ӨКҮЛҮ ЖОРЖ БУШТУ КЕЛЕКЕЛЕДИ


Жаныл Жусубжан, Прага Ал-Каиданын жол башчысынын орун басары Айман ал-Завахри АКШ президенти Жорж Буштун Иракка кошумча аскер жиберүү планын келекелеген билдирүү жасады. Вашингтондун планы боюнча, кошумча аскерлер Багдадды диний секталар ортосундагы тирешүүнү козуткан козголоңчулар менен куралдуу топтордон арылтмакчы.

Ал-Завахри интернет төрүндө дүйшөмбү күнү жайгаштырылган видеодо сүйлөдү. Ал Буштун өзүнө "сен" деп кайрылып, аны Иракка АКШнын бүт армиясын жиберүүгө үндөдү:

Буш акыркы сөзүндө Иракка 20 миң аскер жиберем деп тантыраптыр. Эмне үчүн 20 миң гана, 50 же 100 миң аскер жибербейсиңби? Иракта сенин аскерлериңдин сөөгүн иттер талап жегиси келип, шилекейи чууруп жатканын билбейсиңби? Бүт армияңды жибер, можахеддер аларды жок кылып, дүйнөнү сенин карөзгөйлөрүңдөн тазалашсын. Халифаттын жана Жихаддын өлкөсү болгон Ирактын Алланын жардамы жана күчү менен сеникиндей 10 армияны жок кылууга даремети бар,-
деп ызырынды ал-Каиданын өкүлү.

Америкалык аскердик күчтөрдүн алды Багдадга өткөн аптанын соңунда келе баштады. 3200 аскер Вашингтон Ирактын баш калаасындагы коопсуздукту бекемдөөгө бөлгөн 17 миң чакты куралдуу күчтөрдүн алгачкылары.

Өткөн аптада Буш бул аскерлер Багдаддагы тартипти калыбына келтире алат деп айткан эле:

Кырдаал өзгөрдү, башкача айтканда, мен биз бир нерсени өзгөртө ала тургандай деңгээлде өзгөрүү болбогон жерге аскер жайгаштырып жаткан жокмун,-деген эле АКШнын президенти.

Ирактагы америкалык аскерлерди башкарууга жаңы бекиген Давид Петреустун айтымында, алар ирактык аскерлер менен бирдикте Багдаддын чөлкөмдөрүн куралдуу топтордон жана козголоңчулардан арылтуу үчүн жиберилет жана мурдагыдай атайын турактарда эмес, ошол чөлкөмдөрдүн өзүндө жайгаштырылат.

Жаңы толуктоо биринчи кезекте шийилердин диний жол башчысы Моктада ал-Садрдын Махди армиясын бутага алат шекилдүү. АКШнын армиясы акыркы алты аптада ал-Садрды колдогон 600дөн ашык куралчан колго түшүрүлгөнүн маалымдаган эле. Элдешүүнү чечкенби, айтор ал-Садыр өткөн аптада Багдад өкмөтүндө парламентти эки айдан бери бойкоттоп келаткан өз өкүлдөрүн бойкотун токтотууга буйруду. Анын колдоочулары америкалык аскерлердин Ирактан чыгарылышын талап кылып келишет.

Бирок, Махди армиясы дагы деле мурда сунилер менен шийилер аралаш жашаган бир нече чөлкөмдү көзөмөлдөп турат. Алар сунилерди бул чөлкөмдөрдөн көчүп кетүүгө аргасыз кылышкан. Бул аракеттер менен катар, суни экстремисттеринин, анын ичинде ал-каидачылардын шийи чөлкөмдөрүнө жасап келаткан кандуу чабуулдары Иракты жарандык согуштун жарына такоодо.

XS
SM
MD
LG