Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:16

БУШ КАЛКЫНА КАЙРЫЛУУ МЕНЕН ЧЫГЫП СҮЙЛӨДҮ


АКШ президенти Жорж Буш конгресстин кошмо жыйынында “Өлкөдөгү абал тууралуу” жалпы улутка багыттап, жылдык кайрылуу менен чыгып сүйлөдү.

Кайрылуусун баштап жатып,президент Буш демократ-конгрессмен Нэнси Пелосини өкүлдөр палатасынын спикерилигине шайланганы менен куттуктады.Өзүнүн кезектеги жылдык кайрылуусунун биринчи бөлүгүн Буш ички саясатка арнады. Буш,атап айтканда, алдыдагы беш жылда бюджет тартыштыгын кыскартканга, экономиканын мүмкүнчүлүгүн кеңейткенге, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарын өнүктүргөнгө сөз берди. Энергетикалык коопсуздук проблемасына токтолуп, 2017-жылга чейин бензинди керектөөнү 20 процентке төмөндөтүүнү, энергетиканын мунай талап кылынбаган алтернативдүү булактарын активдүү пайдаланууга өтүүнү сунуш кылды. Бул баарыдан мурда АКШнын чет элдик мунайга көз карандылыгын азайтуу үчүн зарыл, деп белгиледи Буш. Ал ошондой эле айлана-чөйрөнүн булганышына,климаттын жылышына каршы күрөштө эң алдыңкы технологияларды пайдалануу зарылдыгын көрсөттү.

Кайрылуунун экинчи бөлүгүндө Буш эл аралык терроризмге каршы күрөшкө токтолуп, бул багытта кыйла жетишкендиктер болгонун, бин Ладен али кармалбаганы менен анын эң жакын иркектеши, АКШны “кызыл канга жууп салгысы келген” Абу Мусаб аз-Заркавинин көзү тазалаганын, Ооганстанда да террорго каршы күрөш ийгиликтүү жүрүп жатканын,жергиликтүү калк демократия жолун тандап алганын белгиледи.

Ирак проблемасын сөз кылып, АКШнын бул жердеги озуйпасын ийгиликтүү өтөсүнө чыгаруу керектигин, мунун өзү жалпы Жакынкы Чыгыштагы кырдаал, дүйнөлүк терроризм үчүн күрөштө чечүүчү мааниге ээ болорун кайрадан эске салды. Ирактагы жаңы стратегиясын коргогону бир катар ыспаттарды келтирип, Буш Америка Иракта эзели жеңилбеши керек, антпегенде Вашингтондун душмандары үчүн коопсуз жай түзүлөт деп билдирди. Антитеррордук өнөктүктө өкмөт менен конгресстин эриш-аркак аракети керектигин белгилеп, Буш терроризмге каршы күрөшүү боюнча атайын консултативдик кеңеш түзүүнү, ага конгресстеги эки партиянын тең лидерин киргизүүнү сунуш кылды.

Эл аралык саясаттын башка маселелери арасында Буш Ирандын жана Түндүк Кореянын атомдук программаларына да көңүл буруп,бул проблемаларды дипломатиялык жолдор менен чечкенге убада берди. Мындан тышкары Кубадагы, Белоруссиядагы жана Мянмадагы эркиндик үчүн күрөшкө колдоо көрсөтүү зарылдыгына да токтолду.

XS
SM
MD
LG