Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

ЧҮЙ ОБЛАСТЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК АКИМЧИЛИГИ БИШКЕККЕ КӨЧӨТ


Жазгүл Жамангулова, Бишкек Тойчубек Касымов Чүй областынын губернатору болуп турган жылдары Чүй областынын борбору Токмок шаарына көчүрүлгөн. Бүгүн болсо Президенттин тапшырмасы боюнча областтын борбору Бишкекке которулганына байланыштуу эми областтын мамлекеттик акимчилиги аппараты менен Аламүдүн районунун акими ээлеген имаратка көчүп келүү алдында турат.

Буйруктун чыкканына бир жылдын жүзү болсо дагы кечеңдеп жатышына эмне себеп? Чүй областык мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Алыбек Айтмолдоев мындайча түшүндүрдү:

- Имараттын жоктугунан көчүрүү иштери кечеңдеп келди. Барбаган жерибиз, көрбөгөн имаратыбыз калган жок. Жеке менчиктин кесепети ушул экен, мамлекетке тиешелүү жайлар өтө аз калды. Бирок президенттин ушул айдагы буйругунун негизинде чечүүчү жооп болду. Эми көчөбүз.

Учурунда Токмок шаарынын инфраструктурасын жакшыртабыз деген негизде бул жакка облус борборун көчүрүү жүргөн. Бирок, сегиз район, бир шаары бар Чүй областы үчүн бул өтө катачылык болгон дешет чүйлүктөр.

- Менин атым Конушев Ниязбек. Областтын борбору Бишкекте болсун деген эң туура. Мурунку бийлик учурунда катачылык кетиришкен. Токмокко көчүрүү менен эч кандай ийгиликке деле жеткен жокпуз. Тескерисинче, чүйлүктөр жол азабын тартып келатышат. Бир кагазды өткөрүш үчүн тээ алыстан, Токмокко келүүгө туура келет.

- Молдокул Жайламышев. Бул аралыкта Токмок шаарынын көчөлөрү, жалпы инфраструктурасы бир топ эле жакшырды. Экономикалык жактан жергиликтүү бюджетке кыйынчылык болду, бирок айылга айланып бараткан шаар жакшырып эле калды десек болот.

Учурда Чүй областык 54 мекеменин дээрлик көбү Бишкек шаарынын тиешелүү жерлерине көчүрүлүп, Токмок шаарында обладминистрация жана бир аз мекеме гана калды. Тиешелүү тараптын белгилөөсүнө карганда көчүрүү иши январь айынын аягы, же февраль айынын башына болжолдонуп жатат.

Эми Чүй областтык мамлекеттик администрациясы Лебединовка айылы, Ленин көчөсү 354 дарегиндеги 4 кабаттуу имараттын 3-4-кабатын ээлейт.

XS
SM
MD
LG