Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:52

ЭМГЕК АКЫ КӨБӨЙДҮ, ИНФЛЯЦИЯ АНДАН АШЫП ТҮШТҮ


Жаңы жыл алдында президент кол койгон жарлыкка ылайык, 2007-жылы дарыгерлердин, мугалимдердин, маданият жана илимий кызматкерлердин айлык акылары 30 пайызга, ал эми Ички иштер министрлиги менен жаза аткаруучу тармакта иштеген кызматкерлердин айлык акылары 50% көбөйтүлдү. Каржы жана экономика министрлигинин маалыматы боюнча быйылкы орточо айлык 2005-жылкы орточо айлык акыдан 2,5 эсеге өстү. Ал эми айрым адистер 2005-жылдан бери инфляция дагы эки эседен ашуун өскөндүгүн айтышууда.

Каржы жана экономика министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровдун маалымдаганы боюнча быйыл бирдиктүү тариф менен төлөнүүчү орточо айлык 1789 сомду түзмөкчү. Бул 2004-2005-жылдагы орточо айлык акыга караганда 2,5 эсеге көп. 2005-жылы дарыгерлер менен мугалимдердин орточо айлык акысы 998 сомду түзгөн болсо, 2007-жылдын 1-январынан тартып, алар 1590 сомдук орточо айлыкты колдоруна алышат:

-2004-жылга салыштырганда айлык акыны биз дээрлик эки эсеге көтөрдүк. Айтып коеюн, бул бир кызматкердин оклады гана. Сиздерге да белгилүү көпчүлүк дарыгерлер менен мугалимдер бир жарым, эки ставка менен иштешет.

Акылбек Жапаровдун айтуусунда 2008-2009-жылдарга карата социалдык тармактын кызматкерлеринин орточо айлыгы 100 АКШ долларына жеткирилмекчи:

-2007-жылы өлкөдө саясий стабилдүүлүк болсо эле бул максаттарды ишке ашыра алабыз деген үмүт бар. 2008-2009-жылдары бардык кошумчаларды кошпой туруп, эсептегенде социалдык тармак кызматкерлеринин орточо айлыгы 100 доллар болот,-- дейт Акылбек Жапаров.

Быйылкы жылы айлык акыны көбөйтүү үчүн өкмөткө 2 млрд сомдон ашуун кошумча каражат керек. Сырттан алынуучу карыз жана гранттык акчалар аркылуу бул чыгашаны жабууга болот дейт министрдин милдетин аткаруучу. Анын сөзү боюнча Дүйнөлүк Банк, Азия Банкы жана Ислам өнүктүрүү банктары тарабынан 80 млн доллар, анын ичинен 40 млн долларды Дүйнөлүк Банк грант эсебинде бермекчи.

Айлык акылар акыркы үч жылдын ичинде бир нече жолу 15-20-30% жогорулаганы менен акча кунарын жоготту деген пикирин Бишкектеги мектептердин биринин мугалими Айша эжей билдирди:

-Азык-түлүктүн баары кымбаттады. Жолго эле канча акча кетет. Биздин, бюджеттик тармакта иштегендердин айлыгы эч нерсеге жетпейт.

Айрым адистердин айтуусунда акыркы үч жылда Кыргызстанда инфляция дээрлик эки эсеге өскөн. Ал эми расмий статистика боюнча инфляциянын деңгээли бир топ төмөн көрсөтүлүп келет дешет алар.

- Сомдун курсу төмөндөгөн жок, расмий статистикада жумушсуздуктун көрсөткүчү да төмөн көрсөтүлгөн. Ички дүң продукциянын жалпы деңгээли өстү деп берилип жаткан соң, бизде инфляция дээрлик жокко эсе дегенге чейин барып жатышат. Ал эми чындыгында расмий статистика каттабаган жылма инфляция дээрлик эки эсеге өстү. Базардагы бааларды эле караңыз. Эң биринчи кезекте керектелүүчү азык-түлүктүн баасы кымбаттагандан кийин, демек, бул инфляция деген сөз,- дейт экономист Айылчы Сарыбаев.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG