Кубат Оторбаев: - Кулов президенттикти көздөп калды деп туруп, мурдагы режим ошон үчүн отургузган деп жатпайбы. Айдар мырза, сиздин буга каршы аргументиңиз барбы?
Айдарбек Керимкулов: - Биринчиден, айтып койоюн - мен Феликс Шаршенбаевичтин коргоочусу эмесмин, бирок депутат катары колдоо иретинде өз добушун бергендердин биримин, себеби мен өзүм бир жарым жылдан бери депутат катары өкмөт башчысын, өкмөттү сындап келген депутатмын. Бирок азыркы колдогонумдун себеби мен мыйзамдын чегинде колдогум келип жатат, Экинчиси, эгерде Дооронбек Садырбаев айткан жанагыдай кемчиликтер болсо мен айтар элем ошону моюнга коюп туруп, отчетун укканда баа берген калыстыкпы деген ойдогу депутатмын. А биз азыр болсо ишеним көргөзбөй, анча мынча ички таарынч менен мамиле кылып жатабызбы дейм. Ага жакпай калгансың, ага бир кезде бирдеме деп сүйлөп койгонсуң деген ойлор бар да. Иши боюнча кемчилик болсо болоор, себеби иштеген өкмөттө кемчилик болот. Ким азыр айтат мисалы, өкмөт абдан жигердүү иштеп жатат деп? Бирок ошол кемчиликтерин моюнга коюшубуз керек эле да.
К.О: - Дооронбек мырза, Феликс Кулов сиз айткан маселелер боюнча Жогорку сот тарабынан акталып чыккан. Соттун чечимин сыйлашыбыз керекпи, сот дагы бир фактыларга таянса керек?
Д.С: - Ооба, соттун пикирин сыйлашыбыз керек, бул жерде мен кокусунан айткан жокмун. Азимбек Бекназаровдун кылмыш ишин чакырып алгандыгы боюнча гана сот актап койду. Мына соттун өкүмүндө жазылып турат - Жогорку соттун административдик жана кылмыш ишин карай турган коллегиясы аныктады, деп туруп, Феликс Кулов өзүнө үч жарым миллион сомго үй салды, инисине бир жарым миллион сомго үй салды, курулуш монтаж комбинаттан жетимиш үч миллион сомдук обьектилерди алып койду, Бишкек мэриясын 15 миллион сомго отургузду, гуманитардык жардамга келген үч миң тонна материалдын беш жүз тоннасын гана элге берип туруп, эки жарым миң тоннаны өзүнүн өнөктөшү Александр Гасанов экөө кымырып кетишкен. Соттун чечиминде өзүнө үй салдырган эмес, инисине үй салдырган эмес, 74 миллион сомдук обьектини алган эмес, ошону үчүн акталды деп сот чечим чыгарса мен унчукпайт элем. Ушулардын баары жасалды, дейт сот, бирок башкы прокурордун ишти кайра чакырып алгандыгына байланыштуу кылмыш ишин жаап, биз аны актоого мажбур болуп олтурабыз деп өкүм чыгарып отурат. 80 миллион сом азыр Кулов менен Гасановдун мойнунда турат. Ошол эле Гасановдун мойнунда турган 80 миллион сомду түрмөдөн чыгып келгенден кийин үйүңөрдү дагы бүтүрүп беребиз деп, 20 миллион сомду кошумча алып, ал сумма азыр 100 миллион сомго жетти. Аркасында момундай чыры бар адамды өкмөт башчы кылабызбы? Эмне, Феликс Куловдон башка таза адам жокпу, башканы алып келсин деп жатам.
К.О. - Сиз Дооронбек мырза, мындан ары да ушундай позицияда болосузбу, соттордун мындай чечимине байланыштуу?
Д.С. – Айдар Керимкулович ушул жерде отурат, мен ошондо айтып чыккам башында, Бакиев мындай жарлык чыгарсын деп - революциялык кырдаал түзүлгөнүнө байланыштуу Феликс Куловду дагы, калган ушул статья менен камалып жаткан балдардын бардыгын кайра карабастан бошотуп жиберели, дегем. Себеби коллонияда жаткан кыргыздар мага кат жазып атат, эмне үчүн Кулов кутулуп кетет дагы, биз тутулуп калдык. Мыйзам эмне үчүн бардыгыбызга бирдей иштебей атат деп. Мен ошону айтсам, болбостон сот аркылуу эле муну чечип коёбуз деп алып барышты дагы Азимбек Бекназаров, Болот Шерниязов, Текебаевдер алып келип туруп, укуктук цейтнотко алып келип койду. Эгерде Феликс Кулов эч күнөөсү жок адам болсо, анда Ф.Куловду айыпка жыккан райондук, аскерий, шаардык, Жогорку соттордун тергөөчүлөрү, башкы прокурорлору, прокурорлору, сотторунун бардыгы жоопко тартылыш керек. Себеби биздин Конституция боюнча бейкүнөө адамды 5 жыл түрмөгө отургузганга эч кимдин укугу жок. Макул Акаев жаман экен деп коёлу.
К.О.- Сиз айдар мырза, ушул маселе тууралуу бир нерсе айта аласызбы?
А.К. – Мен ойлойм, Кулов тууралуу ар кандай карама-каршы ойлор айтылып атканы менен ал өзү кыргыздын көрүнүктүү жигити, юрист. Эгерде ошолордун барын туура эмес көрсө, өзүн өзү коргоп алаар. Ошондуктан ал укуктук жак менен жүрсүн. Мисалы, аны мен коргой тургандай фактыларын билбейм, же анын адвокаты болбосок.
К.О. – Мен маселенин башка өңүтүнө кайрылгым келип турат. Мына өкмөттүн отставкасы, анан жаңы премьерди көрсөтүү 30-декабрда кабыл алынган Конституцияга байланыштуу болбодубу. Феликс Кулов өзүнө өзү капкан коюп алды деген пикирди айтышат талдоочулар. Анткени өкмөт отставкага кетти, анан 30-декабрда болсо жаңы Конституция кабыл алынды?
А.К. – Биринчиден, мен өкмөттүн отставкага кеткенин туура көргөн эмесмин. Себеби биз 8-ноябрдагы кабыл алынган Конституция боюнча иштеген макулдашуу комиссиясынын ичинде мен бар болчумун. Ошондо биз өкмөттү коргодук эле. Ф.Кулов өкмөт башчысы катары принципиалдуу позициясын көргөзүп атат, өзүнүн оюн айтып атат, көчөгө чыккан жок. Сабырдуулук кылып токтоолукту көргөздү, өкмөт башчысындай президенттин жанында болду, коргоду, деп биз өкмөт 2010-жылга чейин иштесин деген ойду айттык эле. Ошондо сунуштар болгон өкмөт отставкага кетсин деген. Ошентип биз аны отставкадан алып калып атсак, ошого баары макул болуп Конституция кабыл алып атса, кийин отставкага кеткенин мен туура көргөн жокмун.
К.О. – Анын отставкага кеткени Конституциянын кайра экинчи ирет өзгөрүшүнө алып келди го деген ой бар да бул жерде, туурабы?
А.К. – Сиздер айткан ойлорду саясатчылар айтышты. Ошондой болуп калышы мүмкүндүр. Мен ойлойм, отставкага кетиши менен Феликс шаршенбаевич Кулов өзүн-өзү кыйын абалга алып келип койду.
Д.С. – Менин оюмча Кулов өзүн өзү алдап атат. Парламентти кетир деп айтканым үчүн парламенттегилер мага добуш бербей коюшту дейт. Феликстин отставкага кетиши жөнүндөгү маселени, Айдар туура айтып атат, 10-октябрда митингде, мен 10 пунктан турган айып тагып туруп, мамлекеттик ишти аткарбаганың үчүн сен премьер-министр болуп иштегенге акың жок, колунан келген жаш жигитке ордуңду бергиң дегенде, барыңар айткансыңар, коё туруңузчу, байке, деп.
К.О. – Дооронбек мырза, мен бир эле суроо берейин, кыска жооп берсеңиз, “Реформа үчүн” кыймылынын өзүнүн ичинде азыр Кулов боюнча бирдиктүү позиция жок. Мунун сыры эмнеде болуп атат?
Д.С. – Пендечилик бар да. Сенин оюңча Айдар менен ушул жерден кызылчеке болуп мушташышым керек эле. Ал куловду колдоп атат, мен ага эч нерсе дебейм, мен болсо Куловду колдобойм. Депутаттардын статусу ушундай - бирөө колдойт, бирөө колдобойт.
К.О: - Эмне үчүн колдоп, эмне үчүн колдобой жатканыңыздарды тактайын дедим. Айдар мырза, 23 депутаттын катарында добуш берип жатканда эмне аргументтерди бетке кармап анан добушуңузду бердиңиз?
А.К: - Өкмөт башчысын бекитип жаткан учур мен ойлойм, бул өтө жоопкерчиликтүү иш. Мен мисалы, мындай пикир менен келдим. Биринчиден, президенттин сунушун сыйлап, президент туура көрдү ушу талапкерди, ушул кадр менен элдин талабын турмушка ашырам деген ой менен коюп жатат. Экинчиден, Дооронбек Садырбаевдин аргументтери бар экен, менде андай аргументтер жок. Эгерде ал айтылгандар туура келбесе бул киши (Д.Садырбаев – ред.) менен юридикалык жактан чечишип алаар. Ал эми менин мисалы, түшүнүгүмдө Феликс Куловду өкмөт башчысы катары туура көрөм. Биринчиден, ишти алып бара билет деп ойлойм, экинчиден, президент менен премьердин ортосундагы тандем анча-мынча стабилдүүлүккө алып келет деген ойдо болгондуктан аны колдойм.
К.О: - Андай болсо эмне себептен Исхак Масалиев жетектеген комитет регламент жөнүндө Жогорку Кеңештин ички тартибин аныктаган мыйзамдын 158-статьясына таянып, президенттин мындай чечимин сыйлаган жок. Исхак Масалиев буга чейин президент К.Бакиевди колдоп келген, ушунун сыры эмнеде болуп жатат. Ак үйдүн өзү Феликс Куловдун өтүшүнө кызыкдар эмеспи?
А.К: - Исхак Апсаматовичти президенттин чечимин сыйлабайт деп айта албайм. Ал комитеттин чечимин палатага эле чыгарып койду. Палата колдойбу же жокбу - аны төртүнчү күнү кабыл алышыбыз мүмкүн.
К.О. – Буга байланыштуу мурдагы төрага, депутат Өмүрбек Текебаевдин бир пикирин окуп коёюн: АКИпресс агенттигине берген интервьюсунда Ө. Текебаев мырза «Президент К.Бакиев Феликс Куловдон кутулууну эбактан бери эле көксөп келаткан. Ал эл алдына берген убадаларга жана башка факторлорго байланып келген. Эми болсо Курманбек Бакиев үчүн Куловдон кутулуунун эң ыңгайлуу учуру келди. Ошол себептен биринчи жолу 18-январда Бакиевди колдогон депутаттар Куловго каршы добушун беришти дейт. Буга сиз кандай дейсиз?
Д. С. - Бакиев менен дагы, Кулов менен дагы жар-жар болгон эмесмин. Бир дагы кыргыздын баласына жамандык кылган эмесмин. Куловго чейин тогуз премьер-министрди көргөм. Колунан келбесе да элдин оорун колдон, жеңилин жерден алып, үзүлгөнүн улап, жыртылганын жамап оокат кылуунун аркетин кылган. Бул жерде Бакиевдин да, Куловдун да кандай мамилеси бар экенин билбем. Бирок, Кулов бир гана ХИПИКке жетелеп, мамлекетти ХИПИКке киргизем деп айтканы үчүн премьер-министрликке бекитиле турган акысы жок анын. Мына колдоп жатасыңар. Мен ХИПИКти аябай кунт коюп карап чыктым. Анын башка дагы программалары бар экен.
К.О: - Айдар мырза, буга чейин айтылды - ХИПИКке Кулов жетелеп алып баратат мамлекетти деп, Дооронбек мырза айтты, ошол себептен дагы каршымын деп. Сиздин өзүңүздүн пикириңиз кандай?
А.К: -Биринчиден, мен дагы бул программага кирүүгө каршымын. Депутат катары. Экинчиден, бул жерден мен мисалы, Куловдун позициясын колдоп кетээр элем бир жагынан. Ал өзүнүн көз карашын коркпой, үркпөй алып баратканга, мен аны өмөт башчысы, жигит катары сыйлайм. Эгерде ал ушул кызматынан коркуп, анда кирбей эле коёлу, деп, өзүнүн кызматына карап, өзүнүн оюн айтса мен анда сыйламак эмесмин. Ошол өтөр-өтпөсүн көрүп, билип туруп көзү жеткен программаны айтканы, тескерисинче, жакшы баа бериши мүмкүн. А бирок, ХИПИКти колдобойм. Себеби, мен дагы жакшы таанышып чыктым. Балким альтернативалык программалар болушу керек. Өкмөт бизге көргөзүш керек. Бүт чаралардын баарын колдондубу. Анан айлабыз кеткенде ошолордун баары ишке ашпай калса, кирсек болот эле деп көргөзүш керек. Андай болбогондон кийин өкмөт акырына чейин иштеген жок.
К.О: - Депутат Исхак Масалиев жетектеген комитет чечим чыгаргандан кийин өкмөттүн аппаратынын юридикалык бөлүмү билдирүү чыгарды. Бирок, ошол эле учурда президенттик администрациядагы юридикалык бөлүм эч нерсе деп айткан жок. Президенттин айланасында жүргөн чиновниктер дагы эч нерсе деген жок. Мунун сыры эмнеде болуп жатат?
Д. С. - Мунун сыры президенттик администрацияда сабаттуу, кошоматчы эмес юристтер отурат дегенди түшүндүрөт. Тиги өкмөттүн бөлүмдөрүндө кичине кошоматчы, оолукма юристтер отурат дегенди түшүндүрөт. Себеби, президенттик администрацияга дагы, Жогорку Сотко дагы, Баш прокурорго дагы, өкмөттүн юридикалык бөлүм башчысына Конституцияны, мыйзамдарды талкуулап, чечмелеп берүү укугу берилген эмес. Ошондуктан менимче, президенттин администрациясынын юридикалык бөлүмү туура иш жасап жатат. Экинчиден, мен Айдар иниме кошумчалап коёюн. Мына жигиттик жөнүндө сөз болуп кетти. Ал жөнүндө Өмүрбек Текебаев, Фуликс Кулов көп сүйлөйт. Жигиттик болгондон кийин Кулов өзү парламентте “Кыргызстандагы болуп жаткан ыйкы-тыйкы сөздөрдүн баардыгын ушул парламентте чечишели, сыртка чыгарбайлы” деди. Мен дагы ошону жактадым. Кечээ күнү болсо тескерисинче, “Арнамыс” партиясы “Куловдон колуңарды тарткыла”” деген пикет менен Жогорку Кеңештин алдына келип турду. Мен Куловго эмне үчүн добуш бергим келбейт -жигиттик сөзүндө турбагандыгы үчүн добуш бергим келбейт.
А.К: - Өкмөттүн юридикалык бөлүмү андай түшүндүрмө билдирүү бергени ал өзүнүн кызматын аткаргандыгы. Аны эч кандай комментарий кылып бере албайбыз.
К.О.-Президенттик администрациянын юридикалык бөлүмү эмне үчүн өзүнүн позициясын колдоп, коргоп калбайт?
А.К: - Менин түшүнүгүмдө президенттик администрациянын юридикалык бөлүмү ошону туура көрүп жатышат. Ошондуктан алар унчугушкан жок. Экинчиси, эгер азыр ошол туура эмес болуп калса, анда ага кандайдыр бир чаралар көрүлүшү мүмкүн. Юридикалык бөлүмгө президент аркылуу. Азыр да менин түшүнүгүмдө алар туура беришкен. 158-берене регламенттеги - ал мурунку Конституцияга туура келет. А бул жерде азыркы жаңы Конституцияда президентке өкмөттүн башчысын көргөзүүдө чек коюлган эмес. Ачык эле Жогорку Кеңештин макулдугу менен бекитет деп койгон. Демек, ал эки же үч жолу көргөзөбү - менин түшүнүгүмдө балким, ошондой укугу бар.
К.О. - Депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Азимбек Бекназаров, Феликс Куловдун талапкерлиги көргөзүлүп атканда мамлекет башчысы өзү келип ушул жерде турса жакшы болот эле, деген пикирлерди айтышты. Мындайча айтканда көшөгө артында бир оюндар болуп атат деген пикирлер бар. Сиздин оюңуз кандай?
А.К. - Президенттин парламентке келиши-келбеши ал өзүнүн укугу, кааласа келет, каалабаса келбейт. Бирок мага ушундай суроо берип калганыңыздан кийин, албетте, өкмөт башчысы дайындалып атканда, жөнөкөй кызмат эмес, президент келип катышса - менин түшүнүгүмдө - туура болмок. Бирок мен ал киши үчүн айта албайм, эмне себептен парламентке келген жок.
К.О. – Айдар мырза, сиздин өзүңүзгө байланыштуу суроо берейин деп атам. Сиз мурдагы президент Аскар Акаевди колдоп жүргөн адамдардын бири элеңиз. Мына жаңы бийлик келгени азыркы бийликти да колдоп атканыңызды азыр Куловдун талапкерлигин Бакиев киргизген үчүн мен колдодум деп айттыңыз. Мунун сыры эмнде болуп атат, же сиздин бир туугандарыңыз Мыктыбек Абдылдаев менен Медетбек Керимкулов азыркы бийликте иштеп жатканы үчүн президент К.Бакиевди колдоп жатасызбы?
Дооронбек Садырбаев: - Жок аны аралыштырбагыла. Удар ниже пояса, болуп калат.
Адарбек Керимкулов – Эми суроо берилип калды. Биринчиден, туура, туңгуч президенттин убагында барыбыз иштеп калдык, саясатын колдодук. Бирок ачык айтсам, мен өзүм деле таарына тургандай жолум бар болчу мурдагы президентке. Бирок ал менин өзүмдүн ишим, ал бир кезде айтылаар. Экинчиден, азыркы президентти колдогон себебим, биз президентти шайлаганда жөн эле шайлабайбыз да, биз ага элдин, жердин, мекендин тагдырын тапшыргандай кылып шайлайбыз. Ошону туура түшүнүп шайлайбыз. Мен ошондой добуш бергем, колдоп. Колдогондон кийин аягына чейин колдош керек. Эгерде ошол президенттик милдетин аткарбай жатса кийинки шайлоодо барыбыз оюбузду айтышыбыз мүмкүн. Ошол жагынан сыйлайм. Экинчиден, элдин эркин сыйлайм. Эл президент болсун деп шайлаган. Шайлагандан кийин президентке мүмкүнчүлүк бериш керек. Биз ага элди, жерди алдыңкы мамлекеттердин катарына алып чыкканга мүмкүнчүлүк беришибиз керек, иштесин.
Д.С. – Мен аягына чыгарып коёюн. Бул жерде мен Айдарды колдогум келип атат. Бул өкмөт башчысы, мамлекет башчысы болгон жери жок. 71 бечара депутаттын бири. Анан аны бир туугандары иштебеш керекпи. Эгерде мамлекет башчысы болуп турса, эмне үчүн бир туугандарыңды көтөрүп, сүйрөп атасың деп айтсак болот эле.
К.О. – Депутаттар “бир бечара”болсо, анда биз – кимбиз? Сөзүбүздүн аягында мындай собол сиздерге. Божомол жасаган өзү туура эмес. Бирок сиздин пикириңизде, Дооронбек мырза, кыска айтсаңыз, эртең – бейшембиде Феликс Куловдун талапкерлиги коюлуп калса өтөбү - өтпөйбү? Сиз артка кайтасызбы же каршы добуш бересизби?
Д.С. - Каршы добуш берип гана тим болбой, мен элди Куловго каршы үгүттөйм. Себеби Аскар Акаевдин “референдум” деген оюнчугу бар болчу. Бакиевдин “тандем2 деген оюнчугу болуп жатат бул. Ал оюнчуктардан кутулуп туруп, Кыргызстанга цивилизациялуу мамлекет курбасак биз эч качан оңолбойбуз, ошон үчүн каршы добуш берем.
К.О. – Сиздин оюңузда кандай, айдар мырза?
А.К. – Дооронбек мырза туура айтты, өтөбү-өтпөйбү - бул депутаттардын иши. Бирок депутаттарды көндүрүш үчүн, добуш алыш үчүн өкмөт башчысы Феликс Шаршенбаевич дагы 3-4 күн ичинде өзүн карап чыгышы керек. Жакшы программаны айтабы, жакшы жооп береби, мүмкүн депутаттар менен чындыгында иштеш керектир. Кээ бир депутаттар айтпадыбы: биз программаңызды билбеген үчүн добуш бере албай атабыз, деп. Анда ошондой так иштесин, айтсын.
К.О. – Программа барбы деги азыркы өкмөттө?
Д.С. – Программа жок.
К.О.- ХИПИКтен башка программа барбы же жокпу?
А.К. - Өкмөт өз программасын берген, бирок ошол толук канаттандырарлыкпы? Маселе ошондо.
Д.С. - Ал Акылбектин программасы.
А.К. – Ал дагы өкмөт мүчөсү да, чогуу иштешет. Ошол мамлекетти алдыга алып чыгабы, бул башка маселе. Бирок ошондой программасы болсо дагы ошону көргөзсүн да, айтып далилдесин. Эгерде премьер кылып шайласаңар мына муну аткарам деп. Эгерде аткарбасам бир жылдан кийин өзүм отставкага кетем деген ишеним сөздөрүн айтса, балким кээ бир депутаттар муюп калышы мүмкүндүр.
К.О. - Сөз аягында бир маалыматты айта кетели. 18-январда парламентте 23 “макул” добуш алып, 39 “каршы” деген добуш алган Феликс Кулов ошол күнү кыздуу болгонун “Арнамыс” партиясынын интернет сайты жазып чыкты. Ал жерде айтылат, “Урматтуу Фатима Карашевна жана Феликс Шаршенбаевич, сиздерди кыздуу болушуңар менен куттуктайбыз!” деп. Эмне дейбиз, биз дагы куттуктоолорго кошулабыз, саясий оюндарга, саясий интригаларга карабай жашоо өз жолу менен улана берет экен. Феликс Кулов парламентте кандай добуш алаарын - эртең – 25-январда көрмөкчүбүз. Ал эми биз бир жумадан кийин кайра жолугабыз. Саламатта калыңыздар.