Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

ЖОРЖ БУШТУН КАЙРЫЛУУСУНА СЫН-ПИКИРЛЕР АЙТЫЛА БАШТАДЫ


Жаннат Токтосунова, Бишкек Президент Жорж Буш Конгресске жана жалпы Америка элине кайрылып, өз сөзүндө федералдык бюджеттеги тартыштыкты жоюуга, Америка экономикасын күчтөндүрүүгө жана энергетикалык коопсуздукка көңүл бурду. Мындан сырткары президент билим берүү, медициналык камыздоону жакшыртуу, иммиграциялык мыйзамдарды өзгөртүү өңдүү социалдык маселелерге токтолду. Өзгөчө Ирактагы абал тууралуу сөз болду. Жорж Буш конгрессти Иракка кошумча аскер жөнөтүү демилгесин колдоп берүүгө үндөдү. Билдирүү ар түрдүү пикирлерди жаратпай койгон жок.

Жорж Буш өз кайрылусунда Америка “согушуп жаткан өлкө” бойдон калганын айтты. Анын баамында, “Иракта жеңилүү АКШ гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн өтө коркунучтуу, анын кесепети көпкө созулушу мүмкүн”. Президент конгерссти Иракка кошумча аскер жөнөтүү стратегиясын колдоп берүүгө чакырды. Жорж Буштун айымында, бул Ирактын демократиялык негизде шайланган өкмөтүнө чоң жардам берет:

-Америкалыктар террорчулукка каршы күрөштүн натыйжасы алгылыктуу болооруна ишениши керек, себеби, бул салгалашууда биз жалгыз эмеспиз. Бизде экстремизмге каршы бүтүндөй дүйнөнү бириктирген дипломатиялык стратегиябыз бар. Ирактагы көп улуттук күчтөр БУУнун мандатына ылайык иш алып барууда. Ирак өкмөтүнө болгон колдоону арттыруу үчүн биз Иордания, Сауд Арабия, Египет жана Перс булуңундагы өлкөлөр менен кызматташып жатабыз.

Президенттин бул сөзүн мыйзамчылар дүркүрөтө кол чаап кабыл алганы менен, айрым өлкөлөрдүн көз карашы башкача. АКШнын Ирактагы өнөктөшү болуп келген Жапониянын коргонуу министри Фумио Куюма, Американын Иракка кирүү чечими “жаңылыштык” болгонун айтты. Жапония АКШнын тышкы саясатын өтө сейрек сындаганын эске алганда Куюманын мындай сөздөрү өтө олутту.

Министр Жапон аскерлеринин Иракта жайгашуу мөөнөтү июлда аяктарын, андан соң алар Иракта калаар-калбасы күмөн экенин айтты.

Жапон коргоо министри Фумио Куюманын журналисттерге айткан сөздөрү менен айрым кыргызстандык талдоочулардын пикири үндөш. “Аааламдашууну изилдөө борборунун” жетекчиси Карыбек Байбосуновдун ырасташынча, СССР үчүн Афганистандагы согуш кандай болсо, АКШ үчүн Ирактагы согуш дал ошондой:

-Азыр шайлоо алдында Буштун администрациясы алдында өтө жоопкерчиликтүү маселелер турат. Эл, Ирактагы согуш эмне берди? Силер бир диктаторду жоготтуңар, бирок анын ордуна башка бирөө келбейби? Кантип силер Ирак элин демократташтырасыңар? Американыкына окшогон либералдык режим орной алдыбы? - деген өңдүү суроолорду берип, өз дооматттарын айтып жатат.

Карыбек Байбосуновдун пикиринде, Иракка кошумча аскер күчтөрүн жөнөтүү демилгеси бекеринен чыккан жок. Жалпы Американын аброю жана ресурстар тууралуу кеп болуп жаткандыктан, согуш улантыла берет:

-Америка өз намысы, позициясы, ресурстары үчүн кашык каны калганча күрөшөт.

6 жылдык президенттик мөөнөтүндө Жорж Буш “Өлкөнүн абалы тууралуу” деп аталган бул кайрылуусун Конгресске жыл сайын жолдоп келет.

Бирок бул жолу мыйзам чыгаруучулардын басымдуу бөлүгү оппозицияда экенин эске алсак Буш үчүн бул кайрылуу эң татаал болду, дейт ЕККУнун Кыргызстандагы академиясынын вице-президенти Эмилбек Жураев:

-Буш буга чейин жасаган кайрылууларында колдоо алуу жөнүндө анчалык кам санабай, көбүнчө эмнени ишке ашыраарын айтса, бүгүнкү күндөгү негизги маселеси – колдоонуу көбөйтүү болду. Анын сүйлөгөн сөзүндө кызыл сызык менен “демократтар, сиздер мени колдоп беришиңер керек, эки партия биригели” деген ой кетти.

XS
SM
MD
LG