Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:21

ЛИТВИНЕНКОНУН ИШИНДЕ ЖАҢЫ ФАКТЫЛАР ЧЫГУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Былтыр ноябрда Лондон шаарында радиоактивдүү зат менен ууланып каза болгон Александр Литвиненконун иши боюнча тергөө уланууда. Британ полициясынын айтымында, акыркы күндөрдө жаңы фактылар пайда болду жана алар дагы бир жолу Маскөөгө келет. Орус прокуратурасы болсо өз алдынча тергөө жүргүзүүдө.

22-январда Британиянын "Би-би-си" сыналгысы Александр Литвиненко жөнүндө эки даректүү фильм көрсөттү. Анын бирин, "Менин досум Саша. Таза орусча өлтүрүү" деп аталган тасманы Андрей Некрасов тарткан жана ал негизинен Литвиненко ким экени жана ал кантип өлгөнү тууралуу баяндайт.

Экинчи тасма "Тыңчыны кантип ууландырыш керек" деп аталат. Анда Литвиненконун иши изилденген жана тасма "Панорама" деген берүүнүн алкагында көрсөтүлдү. Жон Суини жүргүзгөн ал программада Литвиненконун жубайы Марина, италиялык эксперт Марио Скарамелла, Лондондо жашаган орус миллиардери Борис Березовский жана президент Владимир Путиндин жардамчысы Дмитрий Песков сүйлөйт.

Британиялык журналисттердин айтымында, Литвиненко 1-ноябрда ууландырылган, ал күнү ал "Миллениум" деген мейманканада Орусиядан келген Андрей Луговой жана Дмитрий Ковтун менен жолуккан. Кийин мейманканада радиациянын издери табылды. Ошол эле күнү Литвиненко "Итсу" деген суши-барда Скарамелла менен дагы жолуккан жана эксперттер ал жерде дагы радиация тапкан, бирок анын издери - Литвиненко менен Скарамелла отурган жерде эмес, башка жерде табылган.

Журналисттер өткөргөн изилдөө - дал ошол суши-барда андан эки апта мурда, 16-октябрда Литвиненко менен ошол эле Луговой жана Ковтун жолукканын көрсөткөн. Ошондуктан алар - ошол 16-октябрда Литвиненкону ууландыруу боюнча биринчи аракет көрүлгөн деген жыйынтыкка келген.

Бирок, Лондон шаарында жашаган дагы бир мурдагы орус тыңчысы Олег Гордиевскийдин айтымында, ал күнү ууландыруу аракети болбостон эле, Литвиненкону өлтүрүш керек деген тапшырма алгандар машыккан болуш керек: "Эгерде ага ошол күнү уу берилсе, ал 1-ноябрга чейин эле өлмөк. Ал генералдык репетиция болгон. Тыңчылар, коопсуздук кызматы, аскерий адамдар дайым өз операцияларын машыгуудан өткөрөт. Ошол күнү дагы репетиция өткөрүлгөн, алардын жанында уу да болгон, анткени пайдаланыла турган бардык нерсе кол алдыда болуш керек", - деп билдирди Гордиевский "Азаттыктын" Орус бөлүмүнө.

Тасмада келтирилген маалыматтарга караганда, 16-октябрдан кийин Луговой Лондонго дагы бир жолу 25-октябрда келип, "Шератон" мейманканасында токтогон жана Маскөөгө 28-октябрда кайткан. Кийин ал мейманкана менен учакта дагы радиация табылган. Ковтун болсо ал күндөрү Гамбург шаарында жашаган мурдагы аялына барган жана ал дагы ууланган. Луговой менен Ковтун мурда коопсуздук кызматы үчүн иштеген жана азыр экөө тең ишкер.

20-январда британиялык "Таймс" гезити жазганга караганда, Луговой жана Ковтун менен Литвиненко 1-ноябрда жолукканда, мейманканада дагы бир жигит болгон жана Литвиненкого берилген чайга ууну ошол кошкон болушу мүмкүн. Британияга ал бир жалган паспорт менен келип, өлкөдөн башка жалган паспорт менен чыгып кеткен. "Хитроу" аэропортунда анын элеси видеокамераларага жазылып калган жана гезиттин айтымында, ал Борбор Азиялык адамга окшош, бирок Литвиненко менен аны - Владислав деп тааныштырышкан.

Анын изин кууп, британиялык тергөөчүлөр дагы бир жолу Маскөөгө келүүгө даярданууда. Бирок былтыр келгенде алар - ооруканада жаткан Луговой менен Ковтунга өз алдынча суроо бере алган эмес. Аларды дагы кимдир бирөө ууландырган деп орус прокуратурасы өзүнчө тергөө жүргүзүп жатат жана орус тергөөчүлөрү Лондонго барып, ал жерде жашаган орустарды суракка алууга даярданууда.

XS
SM
MD
LG