Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

ПУТИН: ОРУСИЯ ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ӨЗ ОРДУН ӨЗҮ АНЫКТАЙТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын президенти Владимир Путин шаршемби күнү Батышта кийинки учурда Орусиянын атына айтыла баштаган сынды четке какты. Италиянын өкүмөт башчысы Романо Проди менен Сочиде болгон жолугушуудан соң Путин андай сындар орусиялык кызыкчылыкты эсепке алгысы келбегенден улам пайда болуп атат деди. Кремлдик жетекчинин айтканына караганда Орусиянын экономикасы, согуштук жана саясий мүмкүнчүлүгү күн санап өркүндөөнүн үстүндө. Ошол себептүү азыркы тушта Орусия дүйнө жүзүндө өзүнүн ордун өзү аныктайт.

Кийинки учурда батыш өлкөлөрү энергия кубатын өдүрүүчү отундарын саясий кысым катары пайдаланып жана кошуна өлкөлөрүнүн энергетикалык компаниялдарына кысым көрсөтө баштады деп Москваны сынга ала баштаган. Сырттан көз салуучулар ошол сынга Путин жооп айтты дешет.

Саясий анализчилер баамында орусиялык кара май менен көгүлтүр отун европалык мамлекетерге саясий кысым көргөзүүдө чынында эле Кремлдик кожоюндун колундагы курал болуп кызмат өтөп келе жатат. Ошондуктан батыштык эки жетекчи Германиянын канцлери Ангела Мекркель менен Италиянын өкүмөт башчысы Романо Продинин бул күндөрү Сочиде орусиялык жетекчи Владимир Путин менен болгон башкы кептери Европанын энергеиялык коопсуздугу менен байланыштуу болгон. Мындан кийин деле батыштык өлкөлөр жетекчилеринин олуттуу кептери дал ушул энергия кубатын өндүрүүчү отундун тегерегинде болуп каларын каңкуулашат.

Шейшембиде болсо Италиянын жетекчиси менен жолуккандан кийин Орусиянын лидери журналисттер алдында мурда оозунан чыгып көрбөгөн шаанидеги саясий билдирүү жасады. Путин ал жерде Орусия мындан ары башкалардын аны кайда олтуруп кайдан туруп жүрүшүн көргөзүшүн каалабайт эми ал кайда олтуруп жүрөрдү өзү билет деди. Орусиянын жетишкендиктерин эске албоо менен аны катардан чыгарып таштайм деш натура деп кесе айты:

«Орусиянын мыйзамдуу кызыкчылыгын эсептегиси келбөө, аны качандыр кимдир бирөө көргөзүп берген ордунда дагы да кармап турууну каалоо болуп атат. Орусия эми дүйнөдөгү өзүнүн ордун өзү таап (олтурууга – ММ) тың жарайт. Ошондой эле дүйнөнүн көп уюлдуу жана тең тайлаш болушу үчүн умтулат», - деди Путин.

Саясий анализчилер талдоосунда Орусия акыры ушуну менен Европаны багындырып тынган. Батыштын демократиялык баалуулукту барк алган 26 мамлекетинин бирдиги «башкарылма демократияны» барк алган Маскөө бийлигинен кысым көрүү эмнеге алып барары белгисиз дешет. Маселен, «The Weekly Standard» басылмага Ирвин Стельцер (Irwin Stelzer) жазганга караганда «Бүгүн Батыш мамлекеттери үчүн өз таасирин дүйнө жүзүнө кеңейткиле деп Путинден көргөзмө алып аракет жасай баштаган орусиялык компаниялар менен мындан эмне кылыш керектигин чечүү маселеси пайда болгон».

XS
SM
MD
LG