Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:03

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ БҮГҮН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРЛИККЕ ТАЛАПКЕРДИН ТАГДЫРЫН ЧЕЧЕТ


Бүгүн Жогорку Кеңеш премьер-министрликке Феликс Куловду дайындоого макулдук берүү маселесин кароону уланатат. Алгач депутаттар парламенттин конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин Куловдун талапкерлигин экинчи ирет киргизүү «Регламент жөнүндөгү» мыйзамга каршы келерин негиздеген бүтүмү боюнча добуш бермекчи.

Комитет мындай чечими менен ага ыйгарылган укуктардан чыгып кетти, деп өкмөт өз билдирүүсүндө белгилеген. Бирок комитет «Регламент жөнүндөгү» мыйзамга таянып, Феликс Куловдун талапкерлигин экинчи ирет көрсөтүү мыйзамга туура келбейт деген позициясында кала берүүдө.
Президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпуев конституциянын жаңы редакциясында премьер-министрге талапкерди көрсөтүүдө эч кандай чектөө жок экенин билдирет:

Президент конституциянын жаңы редакцияна ылайык укугум бар деп көрсөтүп жатат премьер-министрликке талапкерди. Белгилүү болгондой президент өкмөт башчыны Жогорку Кеңештин макулдугу менен бекитет. Ошондуктан бекитилгенге чейин президент көрсөтө берет.

Бирок Феликс Куловдун талапкерлиги парламент тарабынан жактырылбай койсо, анда башка талапкерди көрсөтүү менен компромис табылыш мүмкүн дейт Зулпуев:

Мен ойлоймун бир компромиске келишет, эгерде муну (Феликс Кулов) көрсөтпөй башка фигураны көрсөтө турган болсо.


«Арнамыс» партиясынын төрагасы Эмил Алиев Жогорку Кеңеш Феликс Куловду дайындоого макулдук берет деген ишенич бар экенин белгилейт:

Мен дагы эле Жогорку Кеңеш Феликс Куловду премьер-министрликке шайлайт деген ойдомун.

Алиевдин айтымында, бүгүн Жогорку Кеңештин алдына партиянын айрым мүчөлөрү чогулуп, парламенттин чечимин ошол жерде күтөт.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султановдун айтымында,конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин бүтүмүнө карата добуш берүүнүн жыйынтыгы Феликс Куловдун парламенттен колдоо табаар-таппасын алдын ала эле аныктайт. Эгерде Кулов бүгүн парламентте колдоо таппай калса, анда үчүнчү ирет анын талапкерлиги көрсөтүлбөйт. Анткени ага мыйзам жол бербейт дейт Марат Султанов:

Үчүнчү ирет ал көрсөтүлбөйт. Анткени андай кадам конституцияга, мыйзамдарга каршы келет. Ошондуктан үчүнчү ирет көрсөтүүүгө болбойт.

Бирок президент жана өкмөт тарап, мындай чектөө конституциянын жаңы редакциясынын өткөөл мезгилинде жазылбаганын эскертүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG