Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

ПАРЛАМЕНТ ФЕЛИКС КУЛОВДУ ЭКИНЧИ ИРЕТ БЕКИТПЕЙ КОЙДУ


Жогорку Кеңеш Феликс Куловду премьер-министрликке дайындоого экинчи жолу макулдук берген жок. Добуш берүүнүн соңунда президент мамлекеттик жетекчилер менен жыйын куруп, анда премьер-министрликке жаңы талапкер көрсөтүлөөрүн билдирди.

Жогорку Кеңеш бүгүн премьер-министрге байланыштуу эки жолу жабык добуш берди. Биринчи добуш берүү конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин Феликс Куловдун талапкерлигин экинчи ирет көрсөтүү мыйзамсыз деген бүтүмү боюнча болду. Анын жыйынтыгында комитеттин чечимин 36 депутат колдоп добуш берсе, 26сы каршы болду. Натыйжада Феликс Куловдун талаперлиги боюнча добуш берүү уюштуруу зарылчылыгы чыкты.
Экинчи добуш берүүнүн жыйынтыгын эсеп комиссиясынын төрагасы депутат Жусуп Иманалиев окуп берди:

Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына Феликс Куловду дайындогоо макул 25, каршы 38 добуш берилген.Чечилди: Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына Феликс Куловду дайындоого макулдук берилген жок.

Премьер-министрге талапкер Феликс Кулов добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эч кандай пикир айткан жок.Ал эми депутаттар Куловдун талапкерлиги кайрадан көрсөтүлүшү мүмкүндүгү боюнча ар түрдүү пикирде болушту. Юстиция министринин милдетин аткаруучу Марат Кайыпов бул маселеде президенттин укугу чектелбегенин белгилейт:

Конституциянын жаңы редакциясынын өткөөл жоболордо президентке эч кандай чек коюлган эмес. Үчүнчү жолубу, бешинчи жолубу, онунчу жолубу эч кандай чек коюлган эмес. Менин оюмча, президент парламент мүчөлөрү менен акылдашып, андан кийин сунуш киргизет го.

Ал эми депутат Иса Өмүркулов добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча мындай оюн айтты:

Бул биздин биринчи жолу чыгарган чечимдин логикалык аягы. Бүгүн прецендент болуп калды. Мыйзам боюнча бул талапкерди экинчи жолу карабашыбыз керек эле.

Иса Өмүркуловдун айтымында, Феликс Куловду үчүнчү ирет көрсөтүүгө моралдык да, мыйзамдык да жол жок.
Парламенттин конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Исхак Масалиев Куловду экинчи ирет көрсөтүү мыйзамсыз болгонун белгилеп, буларга токтолду:

Мен өз позициямдан кайткан жокмун.Экинчи ирте көрсөтүү мыйзамсыз болгон. Үчүнчү жолу көрсөтүүгө да болбойт. Ал эми парламентти таркатууга болбойт. Анткени талапкерге макулдук бербей коюш парламентти таратууга негиз болуп бере албайт.

Ал эми депутат Өмүрбек Текебаев эгерде Феликс Куловдун талапкерлиги үчүнчү ирет көрсөтүлсө анда аны парламент бекитет деген пикирде:

Эми үчүнчү жолу Алымбай Султановдун жардамчысы менен берип жиберсе да өтөт деп ойлоймун. Анткени көп депутаттарда үчүнчү биз макул болбосок президент парламентти таратканга укугу бар деген ой бекемделип калган.

Президенттин маалымат катчысынын билдирүүсүнө караганда, добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча президент өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, мамлекеттик катчы, президенттик администрациянын башчысы жана Жогорку Кеңештин төрагасынын катышуусу менен жыйын өткөрүп, анда премьер-министрликке жаңы талапкер көрсөтүлөөрүн айтып, ал эми Куловго эки жогорку мамлекеттик кызмат сунуштаган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG