Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

ИРАКТАГЫ АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕРДИН ЖАҢЫ БАШЧЫСЫ ТАНДАЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага АКШ Конгрессинин аскерий күчтөр боюнча комитети 24-январда Ирактагы америкалык аскерлердин башчысы болуп генерал Дэвид Петрэустун дайындалышына макулдугун берди. Сенатта өткөрүлгөн атайын угууда генерал - президент Жорж Буштун Ирактагы жаңы стратегиясын жактап сүйлөдү.

Ирактагы америкалык аскерлерди мурда генерал Жорж Кейси башкарып келген. 5-январда президент Жорж Буш бир нече жаңы дайындоо жасап, жогорку кызматка кетип жаткан Кейсинин ордуна генерал Дэвид Петрэусту көрсөткөн. Акыркы жылдарда ал Иракта аракеттенип, ага каршы 2003-жылы согуш башталганда аба күчтөрүнүн дивизиясын башкарган, кийин Ирактын жаңы куралдуу күчтөрүн машыктуруу үчүн жооптуу болгон жана былтыр - лашкерлер менен кантип согушуу керек деген китеп жазган. Элүү төрт жаштагы генерал АКШнын Принстон университетинин илимий даражасына да ээ.

Сенаттын куралдуу күчтөр боюнча комитетиндеги угуу учурунда генерал Петрэус Ирактагы абал өтө оор жана чечкиндүү чара көрбөсө, ал көзөмөлдөн да чыгып кетиши мүмкүн деп билдирди.

- Ирактагы абал өтө опурталдуу. Бирок маселе да эбегейсиз маанилүү. Анын оңой чечимдери жок. Алдыдагы иш дагы өтө оор болот. Бул кыйын иште ийгиликке жетиш үчүн америкалык да жана өзгөчө ирактык аскерлер үчүн дагы чечкиндүүлүк керек болот. Акыр-аягында баары - Ирактын куралдуу күчтөрүнүн аракеттерине көз каранды болот. Бирок оор деген нерсе мүмкүн эмес дегенди түшүндүрбөйт, - деди генерал 23-январдагы жыйын учурунда.

Анын айтымында, Иракка кошумча аскер жибериш керек деген президенттин чечими туура, анткени өлкөдө ар башка террор аракеттерин ишке ашырып, куралдуу кагылышууларды уюштуруп жаткан лашкерлерге күч көрсөтүш керек. Кошумча аскерлер негизинен Багдад шаарынын чет-жакаларына жиберилип, ал аймактарда аракетенген куралдуу топторду жок кылыш керек болот. Буга чейин америкалык аскерлер андай аракеттерге көп катышкан эмес.

Генералдын пикиринде, Ирак боюнча кабыл алынган жаңы стратегия биринчи жыйынтыктарды август-сентябрда алып келиш керек жана андай болбосо, ийгилик жок деп ал жөнүндө генерал ачык билдирет.

Комитеттеги угуу учурунда сенаторлор тарабынан сын да айтылды. Мисал үчүн, лашкерлер менен кантип согушуш керек деген китебинде Петрэус - андай кылмыштуу топтордун аракеттерин басуу үчүн шаар калкынын ар бир миң адамына 20 аскер керек деп жазган. Андай болгондо Багдад шаарында 120 миң аскер топтолууга тийиш, бирок ал жакка кошумча аскер жиберилгенде жана жергиликтүү өкмөттүк күчтөрдү кошкондо дагы бардыгы болуп 85 миң гана аскер топтолот.

Анткен менен генерал Петреустун дайындалышына комитет 24-январда өз макулдугун берди жана эми чечим палатанын жалпы кароосуна коюлат. Аны менен катар Сенаттын Тышкы байланыштар боюнча комитети ошол эле 24-январда атайын резолюция кабыл алып, Иракка кошумча америкалык аскер жиберүүгө каршы чыкты. Анын ордуна, сенаторлордун чечими боюнча, Ирактагы коопсуздук үчүн жоопкерчилик жергиликтүү күчтөргө өткөрүлө башташ керек.

XS
SM
MD
LG