Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

ПРЕЗИДЕНТ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ МЕНЕН КЕҢЕШЕТ


Бүгүн президент Курманбек Бакиев өкмөт үйүндө Жогорку Кеңештин төрагасы баш болгон парламент комитеттеринин төрагалары, фракция жетекчилери менен жолугушат. Анда премьер-министрликке талапкер жөнүндө кеңешүү болмокчу.

Бүгүнкүгө белгиленген жолугушуу тууралуу президенттик администрациянын башчысынын орун басары Медет Садыркулов «Азаттыкка» буларды билдирди:

-26-январда саат ондо Акүйдө президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңештин төрагасы, комитеттердин, фракциялардын жетекчилери менен жолугушат. Менимче, президенттин ойлору бар( талапкер боюнча) ошол боюнча кеңешет.

Премьер-министрликке жаңы талапкер дүйшөмбү күнү көрсөтүлүшү күтүлүп жатканын Садыркулов белгиледи.

Айрым маалыматтарга караганда, фракция жетекчилери, комитет төрагалары менен жолугушууда премьер-министрликке биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов, айыл ,суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Азим Исабеков, Бишкек шаарынын мэриАрстанбек Ногоев, Өнөр жай, соода жана туризм министринин милдетин аткаруучу Медет Керимкулов жана саясатчы Амангелди Муралиевдин талапкерлигин талкуулап көрүү сунушталышы күтүлүүдө. Алардын ичинен Үсөнов менен Исабековдун көрсөтүлүш ыктымалдыгы жогору экендиги белгиленүүдө. Аталган саясатчылардын көрсөтүлүш мүмкүндүгү тууралуу суроого Медет Садыркулов минтип жооп берди:

-Менимче, ал ысымдаарды азыр айтыш эрте. 26-январда саат ондо билинет. Азыр ал маалыматты президенттен башка эч ким билбейт.

26-январга белгиленген жолугушууга катышуу маселеси фракция жыйынында чечилерин «Жибек жолу» депутаттык тобунун мүчөсү Темир Сариев билдирди:

-Эртең саат тогузда өзүбүздүн фракция чогулат. Ошондо чечим кабыл алабыз.

«Эл менен» депутаттык тобунун лидерлеринин бири Исхак Масалиев да фракция жыйыны эртең менен болорун кабарлап, ал эми депутаттар арасынан премьер-министрликке талапкер көрсөтүү мүмкүндүгү белгисиз экендигин билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG