Линктер

бейшемби, 17-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 16:32

ООГАНСТАН АКШДАН ДАГЫ 10,6 МИЛЛИАРД ДОЛЛАР ЖАРДАМ АЛАТ


Ооганстан жакынкы жылдары Кошмо Штаттардан 11 миллиард долларга жакын жардам алат. Бул каражат Ооганстанды кайра курууга жана өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоого сарпталат. Ошондой эле тоо аткычтар дивизиясынын 3 200 аскери кеминде дагы төрт айга калтырылды. Буштун администрациясы мындай кадамга НАТОнун күчтөрү менен талип аскерлеринин өткөн жылкы кырчылдашкан айкаштарынан кийин барды. Аскерлерди калтырууну кандай мааниси бар? Ооганстан үчүн саясый-экономикалык жардам маанилүүбү же НАТО башындагы эларалык күчтөрдүн санын көбөйтүүбү?

Ооганстандын талибан өкмөтү алты жарым жылдай мурда кулатылгандан бери Вашингтон өлкөгө 14 миллиард доллардан ашуун сарп кылды. Ак Үй эми Ооганстанга дагы 10,6 миллиард доллар бөлмөк болууда.

Талибердин күтүлүп жаткан жазгы чабуулу алдында берилчү жардам аскерий, экономикалык жана саясый жактан болот.

Вашингтондук талдоочу Жэймс Филлипстин айтымында, АКШ жана НАТОнун саясый- экономикалык жактан колдоосу Ооганстандын болочогу үчүн маанилүү болгону менен, ушу тушта Ооган өкмөтү кошмча аскерге өзгөчө муктаж:

-Менин оюмча, узак мөөнөттөн алганда, экономикалык жана саясый жардам чечүүчү мааниге ээ. Бирок, өлкөдөгү абалды дагы жакшыртуу үчүн оогандар азыр АКШ жана НАТОнун аскерий жардамына көбүрөөк муктаж.

Жэймс Филлипс Вашингтондогу таанымал Heritage фондунун тышкы саясат боюнча карыя серепчиси.
Президент Буштун Ооганстанга берилчү жардамды көбөйтүү демилгесин, анын Иранга 21 миң аскер жөнөтүүсүнө каршы чыккан демократтар партиясы да колдоодо.

Учурда Ооганстанда НАТО башындагы 34 миң аскер, анын ичинде америкалык 12 миң кол бар. Андан тышкары, “ Вашингтон Пост” гезитинин Пентагонго шилтеп маалымдашынча, Ооган жеринде америкалыктардын жеке башкаруусундагы 12 миң аскер да бар. Алардын катарындагы тоо аткычтар дивизиясынын чыгарылып кетмек болуп жаткан 3 200 аскерин Пентагон эки күн мурда дагы төрт айга калтырганы маалымдалды.

Филипстин пикиринче, 3 200 аскерди төрт айга калтыруу талибердин жазгы чабуулу маалында анча чоң мааниге ээ эмес. Бирок, “Ооган элине жана Пакистанга АКШ Ооганстанда кала берет деген белги берет”:

- Менин түшүнүгүмдө, Пакистан өкмөтүндө Кошмо Штаттары жана НАТО бир күнү Ооганстандан тажап-чарчайт, ошондо пакистандыктар талибан кыймылындагы айрым союздаштарын Ооганстанга кайра киргизе алат деген элементтер бар. Ошондой эле, пакистандыктарда Ооган улутчуларды Пакистандын чек ара аймактарын жайлаган көп сандагы пуштун уруулары менен биригип, тополоң салат деген коркунуч бар. Пуштундар Ооганстанда көпчүлүк болгону менен, Пакистанда маанилүү азчылыкты түзөт.
XS
SM
MD
LG