Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:00

СЕНАТТЫН ТЫШКЫ ИШТЕР КОМИТЕТИ ИРАККА АСКЕР ЖӨНӨТҮҮГӨ КАРШЫ


Сенаттын Тышкы иштер комитетинде шаршемби күнү өткөн угууда президент Буштун Иракка дагы 21,5 миң аскер жөнөтүү планы жөнүндө да кеп болду. Жорж Буш 23-январда Конгрессте жасаган кайрылуусунда Иракка жаңы аскер жөнөтүүдөн кайтпасын билдирген. Айрфым сенаторлор Иракка кошмча аскер аскер жиберүүгө каршы резолюцияны талкуулоо учурунда Иракка кошумча аскер жөнөтүү “улуттун кызыкчылыгына ылайыксыз” экенин айтышты.

Жорж Буштун Иракка дагы 21,5 миң аскер жөнөтүү чечимине карата пикирлер шаршемби күнү Сенаттын комитетинде өткөн талкууда да айтылды. Демократ-сенатор Жозеф Байдн жаңы стратегия кечигип кабыл алынганына токтолду:

-Президенттин саясатынын ар бир аспекти ишке ашкан жок. Мен Анбар провинциясына жети ирет бардым жана маанилүү прогресске жетиштик деген бир да жоокерди, офицерди, жоокерлерден тартып генералдардын арасынан жолуктурбадым. Алар жаман душманды жок кылдык, душман качып кетип, эми кайра келишти дешет.

Жозеф Байдан Сенаттын тышкы иштер комитетинин төрагасы. Эки партия колдогон резолюция Буштун Ирактагы жааташтык согушун басуу аракетине бут тоспойт. Ал “төрт жылдан бери жүрүп жаткан согушта жаңы жаңылыштыкка жол бербейт», деди Байдан.

Республикачыл сенатор Ричард Лугэр резолюция Сенаттагы партиялар ортосундагы мунасаны чагылдырганына көңүл бурду:

-Асыресе, беймилдет резолюция маселе боюнча тараптардын биримдигин же саналуу парламентарийлерге белгилүү маселени ачыкка чыгарууга багытталат. Бул ирет биз саясатыбыздагы өзгөртүүчү механизм боюнча бизде биримдик жок экенин ачык көрсөтүүдөбүз. Бул добуш берүү президентти эч нерсеге мажбурлабайт, бирок досторубуз менен союздаштарыбызга биз эки жаат жана эки анжы болуп турганыбызды ырастайт.

Дик Лугэрдин мындай сөзүнө -партиялашы, Вьетнам согушунун ардагери Чак Хэгл кесе жооп кайтарды. Көпчүлүк резолюцияны аскерлерге ишеним көрсөтпөө же согушка бөлүнчү каражатты кыскартар алдындагы жышаан катары түшүнүшсө, жаңылышат, деп улантты сөздү сенатор Хэгл:

-Биз каражаттарды кыскартуу, аскерлерди колдобоо жөнүндө сөз кылып жаткан жокпуз. Бул Вьетнам согушунан берки өлкөдөгү абдан талаштуу маселеге карата билдирилген өтө реалдуу, жоопкерчиликтүү чечим . Менин оюмча, жүз сенатордун ар бири бул резолюцияны эмне себептен колдогонун түшүндүп берүүгө даяр турушу шарт.

Иракка кошумча аскер жөнөтүүгө каршы резолюцияны Сенаттын тышкы иштер комитетинин 12 мүчөсү жактап, тогуз сенатор каршы чыкты.
Резоюцияны республикачыл партиядан жалгыз Чак Хэгл колдоду.

Сенатта резолюция эмки аптада талкууланып, андан кийинки кезек Өкүлдөр палатасында.

XS
SM
MD
LG