Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:19

АМЕРИКА ЭНЕРГЕТИКАЛЫК АЛКЫМЫН ТАРТА АЛАБЫ?


АКШ президенти Жорж Буш шейшембидеги жалпы улутка кайрылуусунда Американын энергетикалык коопсуздугуна басым жасай кетти. Буштун сөзүнө караганда, Кошмо Штаттар бул маселеде чет өлкөлөрдөн көз карандылыгын жоюп, экинчи жагынан энергияны керектөөнү азайтууга да үйрөнүшү керек.

- Американы энергетикалык камсыздоодо ар түрдүү технологияларды өнүктүрүү - биздин турмуштук кызыкчылыгыбызга айланды. Биз Кошмо Штаттарда электр өндүрүү булактарын өзгөртүп, таза көмүр технологиясын, күн, шамал жана таза атомдук энергия жолдорун тандоого милдеттүүбүз.

Бул тармактагы чоң секирикке жакын турабыз, ал жетишкендик америкалыктардын жашоосуна гана эмес, дүйнөлүк экологияга да таасир этет, деп шыктандыра кетти угуп отурган элди Буш.

- Америка азыр технологиялык бурулуштун алдында турат, ал биздин мунайга болгон муктаждыгыбызды азайтат. Андан сырткары ал айлана-чөйрөнү сактоого, жер жүзүндөгү аба-ырайынын өзгөрүүсүнө таасир эте алат.


Айрым эксперттер Жорж Буштун бул айткандарын популисттик сөздөр катары баалашууда. Мисалга алар буга чейин АКШ президенттери чет элдик энергияга болгон көз карандылыктан бошонуу маселесин көп ирет көтөргөнүн, бирок ал дагыле ордунан жыла электигин айтышат. Айта кетсек, АКШ ушу тапта мунайдын 60%ын чет өлкөлөрдөн сатып алат.

Ага кошумча Америка азыр дүйнөдө жаратылыш газын эң көп пайдаланган мамлекет, жылына орто эсеп менен 633 миллиард кубметр көгүлтүр отун жагат. Керектөө ушу тейинде көбөйүп отурса, 2013-жылдан тарта АКШ чет элдик газга толук көз каранды болоору бышык. Ушу тапта Америкага жаратылыш газын экспорттоп жаткан Канада менен Мексиканын бул кен байлыктары, адистердин айтымында, 2015-жылдын ары жак-бери жагында түбүнө түшө соолуйт. Вашингтондук билермандар алардын ордуна Африкалык Тобаго жана Тринидад, Алжир, Катар, ошондой эле Орусиядан газ ала баштоону сунуштап жатышат. Алыскы өлкөлөрдөн океан жерип танкер менен ташылган ал газ да Американын күндөн күнгө өсүп бараткан энергетикалык алкымын тоюндура албайт. Бирок, келечекте энергетикалык муктаждыгын толтуруу кризиси – азыркы тапта жалгыз Америка эмес, бүткүл Европа менен Азиянын тынчын ала баштаган маселе.

Ошентсе да, дүйнө калкынын 5%дайы гана жашаган Америка жер жүзүндөгү энергетикалык байлыктардын дээрлик 23%ын керектеп жатканын – байкоочулар эл аралык коомчулук арасында антиамерикалык маанайды козуткан көрүнүш деп баалашат. Жорж Буш бул кырдаалдан чыгыш үчүн өз элин энергияны бара-бара азыркыдан 2 эсе аз пайдаланууга үндөдү. Энергетикалык коопсуздук ошентип, Вашингтондо терроризм менен теңкатар талкууланган маселеге айланып бараткан шекилдүү. Бирок Америкалыктар дүйнөлүк экологияга кам көрүп, энергияны сарамжал колдонушу мүмкүнбү? Бул тууралуу эмки жумадагы кабарда сөз болмокчу.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG