Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР КЫЗМАТЫНА АЗИМ ИСАБЕКОВ КӨРСӨТҮЛӨТ


Президент Курманбек Бакиев премьер-министр кызматына Азим Исабековдун талапкерлигин көрсөттү. Мамлекет башчы бүгүн Өкмөт үйүндө парламент төрагасы, комитет жетекчилери жана фракция башчылары менен жолугуп, кеңешкенден кийин ушундай чечим кабыл алганын билдирди. Азим Исабековдун талапкерлиги бүгүн эле Жогорку Кеңештин кароосуна расмий түрдө сунушталды. Азим Исабеков Куловдун өкмөтүндө айыл жана суу чарба министри болуп иштеп келаткан.

ЭМГЕК ЖОЛУ

Азим Исабеков 1960-жылы Чүй областындагы Аламүдүн районунда Арашан айылында туулган. Жогорку билимдүү, 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин экономика адистиги боюнча бүтүргөн.

Орто мектепти аяктагандан кийин 1980-84-жылдары Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводунда слесарь, тракторист, жумушчу болуп иштеп, Советтик Армиянын катарында кызмат кылган. 1986-жылдан комсомолдук ишке өтүп, Фрунзе совхоз техникумунун комсомол уюмунун катчысы (1986-87), Кант райондук комсомол уюмунда уюштуруу бөлүмүнүн башчысы (1987-88), Аламүдүн райондук аткаруу комитетинде инструктор, бөлүм башчы (1988-89), Таш-Мойнок совхозунун партиялык уюмунун катчысы, директору (1989-1992) болуп иштеген.

1992-жылы Аламүдүн райондук мамлекеттик акимчиликтин аппарат жетекчиси болуп дайындалган. 1993-94-жылдары Таш-Мойнок айыл чарба ишканаларынын ассоциациясынын башкы директору, 1994-96-жылдары «Ак-Бермет» ишканасынын директору болуп иштеген.

1996-жылы мамлекеттик кызматка кайтып келип, Чүй областтык мамлекеттик акимчилигинде бөлүм башчы (1996-97), аппарат жетекчиси (1997-2000), Чүй областтык мамлекеттик акимчилигинин башчысынын орун басары (2000-2001) болуп эмгектенген.

2001-жылы премьер-министрдин аппаратына өтүп, уюштуруу, кадр маселелери боюнча бөлүм башчы кызматын аткарган. Андан кийин Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонддун директору (2002-2004), Сокулук райондук салык инспекциясынын начальниги (2004) кызматтарында иштеген.

2005-жылы март революциясынан кийин премьер-министрдин аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ноябрь айында Президенттин кеңешчиси, декабрда Президент администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары кызматына чакырылган.

2006-жылы май айында айыл жана суу чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, июнда министр болуп бекиген.

XS
SM
MD
LG