Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

26- ЯНВАРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Красноярск воеводасы 1704-жылдын 26-январында дагы бир чалгын отрядды кыргыз жергесине аттандырган. Верный шаарында өткөн Жетисуу областтык дыйкандардын съездинде Пишпектен барган дыйкан делегаттар Петрограддагы бийликти басып алган деп большевиктерди катуу сынга алышты.

Энесайлык кыргыздардын жунгарлар тарабынан күчтөп көчүрүлүшү туурасындагы кабар, орус бийлигине да угулган. Сибирдеги орус администрациясы кыргыздардын абалын билиш үчүн бир канча ирет чалгын жөнөтүп, иликтөө ишин жүргүзгөн. Кыргыздардын жер которгондугу туурасында буга чейин жасалган чалгын натыйжалуу жыйынтык алып келбегендигине байланыштуу, Красноярск воеводасы 1704-жылдын 26-январында дагы бир чалгын отрядын кыргыз жергесине аттандырган. Эми чалгын башына «боярдын уулу» Иван Злобин туруп, ал жолдоштору менен кыргыз жергесин чалып, аларды эч бир жерден таппай кайра артка кайткан.

Пишпек шаар старостасы Илья Терентьев 1897-жылдын бу күнү кулмак өстүрүш үчүн шаар аймагынан эки гектар чамалуу жер бөлдүрткөн. Кийин анын кулмагы түшүмдүүлүгү жана сапаты жагынан айырмаланып атагы алыска тарап, Парижде өткөн Бүткүлдүйнөлүк көргөзмөдө диплом жана күмүш медаль алган.

Верный шаарында өткөн Жетисуу областтык дыйкандар съезди 1918-жылдын 26-январында соңуна чыкты. Пишпек шаарынан барган В. Соколовский, И. Хохуля жана Г. Жуков сыяктуу дыйкан делегаттар жыйын ишине активдүү катышып кайтышты. Алар Петрограддагы Уюштуруу Жыйынын таратып, бийликти басып алган большевиктерди катуу сынга алып, империяда бийлик төңкөрүшү жасалды деген жыйынтык чыгарышкан.

Түркстан Чөлкөмдүк Советинин IV съезди 1918-жылдын 26-январында соңуна чыкты.

Фрунзе шаарындагы маданий курулуш илимий-изилдөө институндагы баалуу тарыхый эстеликтердин жоголгондугу туурасындагы кабар, 1934-жылдын бу күндөрү коомчулукка маалым болду. Буга чейин институтта сакталган эски килемдер, алтын жана күмүш менен кооздолгон кемерлер, баалуу темирден жасалган идиштер, алтын табак, күмүш акчалар дайынсыз жоголгон.

Азербайжан качкындары Кыргызстанга келишине каршы пикирин билдирген жаштар, 1990-жылдын 26-январында Фрунзе шаарынын Ленин аянтында стихиялуу митинг өткөрүштү. Митингчилер менен шаардык Аткаруу комитеттин төрагасы Амангелди Муралиев жолугушуу өткөрүп, качкындар туурасындагы кабар чындыкка төп келбестигин жана ал атайын жасалган провокация экендигин белгиледи.

Бу күнү, 1886-жылы немец конструктору Карл Бенц үч дөңгөлөктүү машинага патент алып, 1831-жылы немец ботаниги, өсүмдүк патологиясын ачкан Генрих Бэри жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG