Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР КЫЗМАТЫНА АЗИМ ИСАБЕКОВ КӨРСӨТҮЛДҮ


Президент Курманбек Бакиев премьер-министр кызматына Азим Исабековдун талапкерлигин көрсөттү. Мамлекет башчы бүгүн Өкмөт үйүндө парламент төрагасы, комитет жетекчилери жана фракция башчылары менен жолугуп, кеңешкенден кийин ушундай чечим кабыл алганын билдирди. Азим Исабековдун талапкерлиги бүгүн эле Жогорку Кеңештин кароосуна расмий түрдө сунушталды. Азим Исабеков Куловдун өкмөтүндө айыл жана суу чарба министри болуп иштеп келаткан.

Бүгүн саат ондо өкмөт үйүндө президент менен болгон жолугушууга Жогорку Кеңештин төрагасы, мамлекеттик катчы, президенттик администрациянын башчысы жана парламенттин комитет, фракцияларынын, алардын ичинде oппозициялык маанайдагы «Эл Биримдиги», «Жибек жолу» депутаттык топторунун лидерлери Өмүрбек Бабанов жана Осмонбек Артыкбаев катышты.

Жолугушуу башында сөз алган Курманбек Бакиев парламентте колдоо таппай калган Феликс Куловго жана ал жетектеген өкмөттүн ишине негизинен оң баа берди.

Андан кийин жаңы өкмөттү түзүүгө токтолуп, премьер-министрге талапкерди көрсөтүүнүн эки жолун сунуштады. Биринчиси, депутаттар өздөрү азыркы өкмөт мүчөлөрү, губернаторлор, депутаттар, же ишкерлер арасынан 5-7 талапкерди президентке сунуштайт. Экинчиси, эгерде депутаттар каршы болбосо президент өзү бир талапкерди атайт.

Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиевдин айтымында, депутаттар премьер-министрликке талапкерди көрсөтүүнү президентке сунушташты:

-Ошондон кийин президент ошол жерден бир талапкерди атады. Ал айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министринин милдетин аткаруучу Азим Исабековдун талапкерлиги болду.

Жолугушууга катышкан «Акжол» депутаттык тобунун лидери Камчыбек Жолдошбаевдин айтымында, премьер-министрге талапкерди талкуунун жүрүшүндө «Биримдик» депутаттык тобу Дамир Өскөмбаевдин талапкерлигин көрсөткөн, андан сырткары президенттик администрациянын башчысы Мыктыбек Абдылдаевдин ысмы аталган. Бирок көпчүлүк депутаттар талапкерди президент аташ керек деген пикирде болушкан.

Депутаттар Азим Исабековдун талапкерлиги Жогорку Кеңеште дүйшөмбү күнү колдоо алаарын билдиришүүдө. Парламенттин төрагасынын орун басары, «Атамекен» партиясынын лидерлеринин бири Эркин Алымбеков мындай пикирин айтты:

-Азим Исабековдун талапкерлиги тигил, бул тарапта да кабыл алынчудай. Анын үстүнө техникалык премьер-министрдин ролуна жарачудай талапкер.Анан бул үчүнчү жолу келип жаткандан кийин парламентте бекитилет болуш керек.

Ал эми депутат Иса Өмүркулов Азим Исабеков парламентте колдоо табарына ишенгенин айтып, талапкер тууралуу мындай пикирин айтты:

-Мен аны адам катары жакшы билем. Ушул тегеректе кызматта иштеп жүргөн жигиттердин бири. Анан ишмердүүлүгү, уюштургуч сапаттары тууралуу айтыш кыйын. Анткени министрликти жаңы эле жетектеп иштей баштаган.

Депутат Камчы Ташиев Азим Исабековдун парламенттен колдоо табыш ыктымалдыгы жогору экендигин билдирди.

Президенттин жолугушуудагы сөзүнө караганда, премьер-министрге талапкер жөнүндө сунуш 26-январда Жогорку Кеңешке жолдонот. Парламент аны дүйшөмбү күнү чечсе, шейшемби күнү өкмөттүн структурасын карап, жума ичинде өкмөт мүчөлөрү дайындалып бүтүүгө тийиш.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG