Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:55

ГАЗА ТИЛКЕСИНДЕ КАГЫЛЫШУУДАН 15 КИШИ КУРМАН БОЛДУ


Кечээ Газа тилкесинде палестин автономиясынын атаандаш Хамас тобу менен Фатхчылардын ортосунда кандуу кагылышуу болуп, андан бери дегенде 15 киши курман болду. БибиСинин маалымдашынча, өлгөндөрдүн арасында эки жөнөкөй киши да бар, алардын бирөө эки жашар бала.

Куралдуу кагылыштар ок атышуулар кыйла басаңдап, абал оңолуп баратканда, жума күнү кайрадан башталды. Бул бийлик талашып жатышкан Фатх менен Хамастын акыркы 2 айдан берки эң кандуу салгылашуусу болду. Байкоочулар таймаштын курчушу ХАМАСтын парламенттик шайлоодо күтүүсүздөн жеңишке ээ болгондугуна бир жыл толгон күндөргө туш келгенин айтышууда.

Кечээ эртең менен куралчан хамасчылардын тобу Газа тилкесиндеги качкындар турган жайдагы үйдү курчап, аткылай башташкан. Бир нече саатка созулган таймаштан кийин хамасчылар үйдү штурмалап, Фатхтын жетекчилеринин бири Шаллейл жана анын тарапкерлерин жок кылууга аракеттеништи. Күбөлөрдүн айтымында салгылашта эки хамасчы курман болду, бирок Шалейлдин өзү аман калды. Эки топ тең жума күндөн бери биринин тарапкерлерин бири барымтага алып жатышат. Фатхчылар 19 хамасчыны барымтага алып, эгерде Шалейл өлтүрүлө турган болсо, барымта тутукундарын жок кылууга кесенип жатышат.

Фатх тобунун өкүлү Махер Мегдад: "Эки тарап тең Израилдин чыныгы душман экенин унутуп койгон шекилдүүдөй",- деп кабатырланды.

Ок атышуу Газа тилкесинин башка райондорунда, анын катарында палестин президенти, Фатхтын жетекчиси Махмут Аббастын жана автономиянын тышкы иштер министри Хамасчы Махмуд Захардын резиденцияларынын айлансында да орун алгандыгы айтылууда.

Хамас менен Фатх мамилелеринин курчуп кеткенине байланыштуу эки партия улуттук биримдик өкмөтүн түзүү сүйлөшүүлөрүн токтотуп койушту. Жума күнү кечинде тараптар ок атышууну токтотууга макулдашышты, бирок ал ишке ашпай жатат.

Полициянын айтымында, бүгүн эртең менен Газадагы Исламдык университеттин жанында бир киши атып өлтүрүлдү.

Хамас бийликке келген бир жылдан бери Фатх менен Хамастын ортосунда кандуу таймаш жүрүп жатат. Заманга шай, токтоо көз карашты туткан президент Аббас хамасчылар менен орток өкмөт түзүүгө аракеттенүүдө. Андан майнап чыкпаса президент автономияда эрте парламенттик шайлоо өткөрө турганын айтып келатат.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG