Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:35

29-ЯНВАРДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


Түркстан генерал-губернатору фон Кауфман Кокон ханы Худояр менен 1868-жылдын 29-январында тынчтык келишимге кол койгон. Орус жазалоочу отряды менен Пулатхан баштаган козголоңчулар ортосунда жүргөн чечүүчү кармаштан кийин, орус аскерлери 1876-жылдын 29-январында Асаке кыштагына өргүүгө келген.

Түркстан генерал-губернатору фон Кауфман Кокон ханы Худояр менен 1868-жылдын 29-январында тынчтык келишимге кол койгон. Келишимге ылайык хандык империянын вассалына айланып, ички жана тышкы саясат багытынан ажыраган. Анын территориясы орус товарлары жана көпөстөрү үчүн ачылып, аларга каалаган жерге соода түйүндөрүн куруп, чет өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүк берилген.

Орус жазалоочу отряды менен Пулатхан баштаган козголоңчулар ортосунда жүргөн чечүүчү кармаш, 1876-жылдын январь айында Үчкоргон кыштагынан 84 чакырым алыстыкта орун алган Каратегин капчыгайында өтүп, козголоңчулар оор жеңилишке учураган. Пулатхандын 5000 миң чамалуу атчан аскери толук талкаланып, ал он жигити менен согуш талаасынан качып чыккан. Бир канча орус аскери жаракат алып, жазалоочу отряд 1876-жылдын 29-январында Асаке кыштагына өргүүгө келген. Ушул эле күнү орус аскер жетекчилигине Анжыян, Маргалаң, Кокон, Ош жана Өзгөндүн кадырлуу адамдары келип, империяга баш ийгендигин билдиришкен.

Ак гвардиячылар козголоңунан улам 1919-жылдын бул күндөрү Пишпек шаарынын тышкы дүйнө менен болгон байланышы толук кесилди. Түркстан крайындагы Совет бийлигинин мурдагы комиссары Осипов, ак гвардия тарапка ооп, Ташкент шаарын камакка алган. Ушул эле маалда ак гвардиячыл Меньков Жетисуу автоунаа жолун бууп, Верный-Пишпек жолу кесилген. Ошентип, Кыргызстандын Ташкент жана Верный шаарлары менен байланышы бузулуп, маалымат алуу каражаты токтогон.

Ош уездинин Төөмоюн жергесинен радий кенинин чыккандыгы туурасында маалымат 1924-жылдын бул күндөрү коомчулукка маалым болду. Радий кенинин жалпы запасы 100-200 миң пуд чамалуу деп эсептелип, аны өндүрүш жолуна коюу багыты белгиленген.

Бул күнү, 1860-жылы атактуу жазуучу Антон Павлович Чехов, 1866-жылы француз жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Ромен Роллан, 1874-жылы финансист Джон Рокфеллер жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG