Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 09:56

ВАШИНГТОНДО ИРАКТАГЫ СОГУШТУ ТОКТОТУУНУ ТАЛАП КЫЛЫШУУДА


Кечээ Вашингтондо он миңдеген адамдар демонстрация өткөрүп, Жорж Буштан Ирак согушун токтотуусун талап кылышты. Демонстрациянын уштуруучулары эгерде бул талап аткарылбаса, митингге мындан да көп адам чыга турганын эскертип жатышат.

Вашингтондогу Улуттук аянтта чогулган миңдеген адамдардын ичинде карапайым америкалыктар аялдар, балдар, карылар, Иракта кызмат өтөп жаткан аскерлердин жакындары, Вьетнам согушунун катышуучулары болду. АКШнын ар кайсы чөлкөмдөрүнөн автобустар менен чогулган кишилер колдоруна плакаттарды кармап, согушка каршы ураан чакырып жатышты. Айрымдары Иракта кызмат өтөп жаткан аскерлердин сүрөттөрүн кармап, аларды үйлөрүнө, туугандары менен бала-бакырасына кайтарып берүүнү талап кылышты.

Митингте сөз сурангандардын арасында атактуу америкалык киноктриса, бир кезде Вьетнам согушуна каршы чыккан Жэйн Фонда, актерлор Тим Робинс, Реа Перлман, укук коргоочу Джесси Джэксон жана башка көрүнүктүү инсандар болду.

"Айрымдарыбыз өзүбүздөн башка эч нерседен коркпой калган учурубузду эстей алабыз. Эми бизде корккула деп чочутуп жаткан президентибиз бар. Бирок биз коркпойбуз, демократияда чечим чыгаруу өз колубузда экенин көрсөтөбүз",- деди Голливуддун актеру Син Пенн.

Митинг 1400 уюмдун башын кошкон "Тынчтык жана адилеттүүлүк үчүн бириккиле" деген биримдиктин күчү менен уюштурулуп, ага он миңдеген адамдар катышты. Ошентсе демонстранттардын саны уюштуруучулар убада кылгандай жарым миллион кишиге жеткен жок.

Демонстранттар конгрессмендерди Буштун Иракка кошумча аскер жиберүү чечимин ишке ашыртпоо үчүн жана Ирактагы аскерлерди чыгарып кетүү үчүн колдо болгон бардык чараларды көрүүгө үндөп жатышты. Бирок, Американын мыйзамына ылайык, президент Конгресстин чечимине баш ийбей койо алат.

Сыртта миңдеген кишилер толкуп жаткан учурда президент Жорж Буш Ирактын өкмөт башчысы Нури Ал-Малики менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Ирактагы зордукчул аракеттерди токтотуу ишинде Америка мурдагыдай эле көмөк болорун убада кылды. Си-Эн- Эндин кабарлашынча, эки саясатчы Ирактагы коопсуздуктун абалын кеңири талкуулашты.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG