Орусиялык-индиялык жогорку деңгээлдеги жетекчилердин жолугушуусу үстүндө, «Красная звезда» жазганга караганда, 11 келишимге кол коюшуулар болгон. Анализчилер эки мамлекеттин алакасы дүйнөдөгү жаңы шартка жараша өзгөргөнүн белгилешет. Келишимдер соода-экономикалык, энергетикалык, илимий-техникалык жана маданий чөйрөлөрдү кучагына алганын айтышат.
Сүйлөшүүлөр маалында Владимир Путин менен Манмохан Сингх индиялык «Куданкулам» АЭСке кошумча төрт атомдук реакторду куруу боюнча кызматташуу келишимине да колодорун коюшкан.
Орусиялык башка булактардан дайын болгон маалыматта Маскөө менен Дели биргелеше согуштук истребителдердин жаңы түрүн, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуучу учактарды да куруп чыгаруу боюнча эки ири контракт түзүшкөн.
Анализчилер Маскөөнүн башка мамлекет менен согуштук учактарды биргелеше куруп чыгаруу алакасы дегеле биринчи жолу болуп атышын жаңы көрүнүш катары баалашууда.
«Саясат» корунун президенти Вячеслав Никонов ошого карабай Дели менен мамиленин ысык болушу үчүн дагы кыйла убакыт керек дейт:
"Орусия менен Индиянын экономикалык өз ара аракеттери абдан төмөнкү чекте кала берүүдө ошол себептен, азырынча Индияны (Орусия – ММ) кандайдыр бир экономикалык жактан олуттуу өнөк экен деп эсептебейт», - дейт Никонов мырза.
Кайсы бир саясий төбөлдөр мунун каршысында Делини Батышка да, Кытайга да караганда Маскөө менен ырааттуу мамииледе кала берүүчү өлкө катары баалашууда. Ошол себептүү акыры эки мамлекет алакасы мындан да бекемделерин Евразия кыймылынын жетекчиси Александр Дугинин айтат:
«Чукулку келечекте Индия биздин өтө маанилүү стратегиялык өнөктөшүбүздүн бири болуп калат», - дейт ал.