Азим Исабековго биринчи суроо анын үйбүлөсү тууралуу болду. Талапкер 2 уул, 2 кызы бар экенин, ал эми президент К.Бакиевге өзү жагынан дагы, аялы жагынан дагы эч кандай тууганчылыгы жок экенин билдирди.
А.Исабеков ХИПИК боюнча да пикирин ортого салды. Анын айтымында, өкмөттө карап көргөн соң ал маселени сөзсүз түрдө парламентке алып келип, депутаттар менен кеңешип гана чечмекчи.(КО)