Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

АЗИМ ИСАБЕКОВ: ӨКМӨТ ӨЗ МИЛДЕТИН ТАК АТКАРЫП, САЯСИЙ ОЮНДАН ООЛАК БОЛУШУ КЕРЕК


Премьер-министр кызматына көрсөтүлгөн Азим Исабеков бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдына чыгып, өлкөнү өнүктүрүү боюнча өзүнүн саясий-экономикалык программасын, көз карашын билдирип сөз сүйлөдү.

- Урматтуу депутаттар, урматтуу жыйындын төрагасы! Президент Курманбек Бакиев мени бул кызматка сунуш кылганда аябай чоң жоопкерчиликти, чоң түйшүктү сезип, ачык айтканда сиздердин астыңарда толкунданып турам. Президенттин бул сунушун фракция менен комитеттин жетекчилери ушул кандидатураны карап көрөлү деп жакшы мамиле кылган үчүн сиздерге ыраазычылык билдирем.

Талапкер катары мен төмөнкү багыттарды приоритеттүү деп эсептемекчимин. Булар экономикада жалпы кырдаалды туракташтыруу. Энергетикада, өнөр жайында, айыл чарбасында, финансы чөйрөсүндө, туризмде олуттуу өсүштү камсыз кылып, социалдык чөйрөдө маселелерди натыйжалуу чечүү. Урматтуу депутаттар, былтыр өкмөт макроэкономиканы сактай алсак, быйыл экономикада чоң жылышты болтурушубуз керек. Сиздер билесиздер, өкмөт 2010-жылга чейинки программаны өлкөнүн өнүгүү стратегиясын иштеп чыкты. Жакынкы убакта бул программаны сиздер менен дагы бир жолу талкуулап чыгып, сиздердин сунуштарды эске алуу менен аныктап, тактап кабыл алсак.

Өкмөт натыйжалуу иштеш үчүн өзүнүн негизги функциясын аткарып, саясий күрөштөн оолак болуш керек деп эсептейм. Албетте, өкмөттүн ишинде саясат болот. Бирок, ал саясат экономикалык саясат, финансы-кредит саясаты жана тышкы экономикалык саясат деп эсептейм. Так ушул багыт менен иштегенге, урматтуу депутаттар сиздерге убада берип кетем.

Албетте, өкмөттүн ишин калкыбыздын турмуш деңгээли көрсөтөт. Бул баарыбызга тең түшүнүктүү. Эгерде элибиз бакубат жашаса, өкмөт дагы Жогорку Кеңеш дагы чоң салымын кошконун көрсөтөт.

Өкмөттүн ишин жакшыртуу үчүн төмөнкү маселелерге көңүл буруш керек деп ойлойм. Биринчиден, жогоруда айтып кеткендей сиздер менен бирдикте өкмөттүн программасынын сапатын жакшыртуу. Экинчиден, биздеги болгон баардык ресурстарды, ишканалардын кубаттуулугун пайдаланып, жаңы ишканаларды куруу зарыл.

Алсак, жакынкы арада төмөнкү маселерди чечүү керек. Карабалта тоо кен комбинатын жогорку сапатка көтөрүү, Кадамжай сурма комбинатынын кубаттуулугун толук пайдалануу, Ташкөмүр заводунун тагдырын чечүү, Майлуусуу электр лапма заводунун ишин стабилдештирүү, алтын кенин өздөштүрүү, цемент заводдорду куруу, Бишкек машина куруу заводдордун ишин жакшыртуу ж.б орчундуу маселелер.

Үчүнчүдөн, приоритеттүү тармактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүп, алардын ичинде олуттуу жылыштарды камсыз кылуу. Отун энергетикалык тармакка көбүрөк көңүл буруу зарыл. Энергетика жактан көз каранды болбой, өзүбүздөгү көмүрдү көбүрөөк өндүрсөк, энергетиканы жакшыртсак.

Гидроэнергетикада квазифискалдык дефицитти кескин азайтуу, электр жеткирүүчү линияларды реконструкциялоо, жаңы ГЭСтерди куруу үчүн инвестиция тартуу сыяктуу милдеттер турат. Бул тармактагы иштерди жакшыртып, болгон ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча өкмөт сунуш даярдап Жогорку Кеңешке киргизет. Сиздер менен бардык маселени кеңешип чечип бир бүтүмгө келүүгө аракет кылам.

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө көңүл бурулат. Кайра иштетүү ишканаларды куруу, техникалар менен жабдуу, кредит менен камсыз кылуу, маркетинг жана башка маселелердин натыйжалуу чечилиши үчүн аракетти аябайбыз. Асыл тукум малды, сапаттуу үрөндү өндүрүүнү көбөйтүп, минералдык жер семирткичтерди колдонуп, агротехникалык, ветеринардык кызматтардын деңгээлин жогорулатсак, түшүм көбөйүп, кырманга эгин толот деген үмүт бар.

Тармактар боюнча иштер жакшы болсо макроэкономикалык кырдаал дагы оңолот. Бул үчүн биз ишкерлерге жагымдуу шарт түзүп берүүбүз зарыл. Көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу менен ар бир ишкердин салык боюнча жүгүн азайтып, чакан жана орто бизнести конкреттүү колдош керек. Кредит алгандарга шартты жылдан жылга жакшыртып, мөөнөтүн узартыш керек. Муну Улуттук банк, коммерциялык банктар менен биргелешип чечүү зарыл. Ошондой эле процент ставкаларды төмөндөштүрүү керек. Мамлекеттик ишкерлер менен өнөктөш болуп дайыма өбөк-жөлөк болуш керек.

Ачыгын айтканда, ишкерлерди тооругандар, коррупцияга малынгандар бюрократтык мамиле кылып, алардын ишине бут тоскондор жок эмес. Андайлардан арылып, коомубузду коррупциядан тазалоо менен ишкерлердин ишине жагымдуу шарт түзүүгө өкмөт аракетин жасайт.

Биздин ички рынок чектелүү болгондуктан экспорт маселесин натыйжалуу чечиш керек. Биз азыр эмгек ресурстарын экспорттоп жатабыз, ашыкча десек да болот. Эгерде товарды көбүрөк экспортоого жетишсек жумуш орундарын көбүрөк кылсак, миграция дагы азаят эле. Ошондо гана алыска кеткен мекендештерибиздин бир бөлүгү кайра кайтып келиши мүмкүн эле.

Урматтуу депутаттар, социалдык маселелер боюнча айтсак, айлыктар, пенсиялар, турак-жай, миграция маселесин натыйжалуу чечүүбүз зарыл. Эң маанилүү маселенин бири бул жумуш орундарын түзүү. Биз эл аралык финансы уюмдары менен мындан ары да кызматташа беребиз. Бирок ошол эле учурда кийинки келишимдерди биздин мамлекеттин кызыкчылыгына тууралап жакшыраак сапаттуу түзүшүбүз керек. Ошондой эле экономикага инвестицияларды алып келүү үчүн аракеттерди күчөтөбүз.

Сөзүмдүн аягында барыбыз бирдиктүү аракет жасайлы, элибизге кызмат кылып, көздөгөн максатка жетели деп кайрылгым келет. Көңүл бурганыңыздарга ырахмат.

XS
SM
MD
LG