Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

АЗИМ ИСАБЕКОВ ЖӨНҮНДӨ ЖЕРДЕШТЕРИ ЭМНЕ ДЕЙТ?


Жазгүл Жамангулова, Бишкек Белгилүү болгондой, Азим Исабековдун талапкерлиги Жогорку Кеңеште бүгүн каралууда. Ал туурасында саясий чөйрөдө түрдүү пикир айтылып жатканы чын. Бирок аны жакындан таанып, билген айылдаштары эмне дешет?

Айыл жана суу чарба министринин милдетин аткарып келе жаткан Азим Исабеков саясатчы Алмаз Атамбаев жана коомдук-саясий ишмер Апас Жумагуловдун жердеши. Кичи мекени - Арашан. Кесиби экономист. Ал эми биз Арашан айылында болуп, анын жакын туугандары жана айылдаштары менен мына мындайча сүйлөштүк.

- Мен агасы болом. Иним иштеген иштери ийгиликтүү болгондуктан ушундай даражага өсүп жетти. Ал премьер министрлик кызматта иштей алат деп ишенем.

- Атым Калысбек Акибаев. Азим айылындагы кадыр барктуу, аны көбү сыйлайт. Окууну дагы жакшы аяктаган. Дегинкиси артында жаманатты иштери жок.

Башкасын айтпаганда эле, “Ал биздин уул, биздин айылдын балдары көтөрүлүп атса биз жаман демек белек” дешет айылдаштары. Бирок, алардын арасында ал жакшы иш алып кете албайт дегендер да бар.

- Менин атым Тилек. Айылдагылар аны иштей албайт деп көп айтышат. Ал президенттин күйөө баласы деген сөз бар. Ошону үчүн эле Бакиев кайда болбосун аны чоң-чоң кызматтарга көрсөтүп жатат. Мурун иштеп жүргөндө деле эч нерсени жыргатып жибербептир.

Өткөн жумадагы депутат Дооронбек Садырбаевдин “кантип эле Чүйдөн Ф.Куловдон башка киши жок” деген сөзүнүн мисалында биз Арашан айылынын тургундарына саясатчы Алмаз Атамбаевге байланыштуу суроо узаттык? А.Атамбаев да Арашан айылынан, ошол кезде коомчулук аны саясаттагы таасирдүү фигура катары таанышат.

- Дегенбаев Кутус: Алмаз Атамбаев айылдагы мыкты жигиттердин бири. Аны деле премьер министрликке көрсөттүүгө толук негиз бар. Бирок президенттин аппараты аны көрсөтпөйт, анткени ал оппозицияда. Азим Исабеков болсо Бакиевдин ишенчиликтүү адамы да. Эми бул келесоо адамга деле айкын көрүнүш да.

XS
SM
MD
LG