Бир нече жылдан бери психолог болуп иштеген Паризат атту бийкеч өзүнүн иш бөлмөсүн атайын Фэн шуй окуусунун эрежелерин эске алып жасалгалаган.
Паризаттын айтымында анын ишинин ийгиликтүү болушуна дал ушул Фэн Шуйдун салымы бир топ.
- Негизи бул өтө кызыктуу окуу экен. Мисалы адамды курчап турган Ци энергиясы бар. Аны туура жолго койсо, ал адамга эң күчтүү таасир этет. Үйдөгү эмеректерди Фэн шуй боюнча жайгаштырса анда кадимкидей ден соолук чың болуп, маанай ачык болот экен. Бул кызмат бөлмөгө да тиешелүү.
Фен Шуй мындан 3 миң жыл мурда пайда болгон.Бул илим адамдын ички энергиясын туура пайдаланууга жана айлана – чөйрө менен гармонияда болууга үйрөтөт.
Фэн шуй илиминин адиси, Назира Исаева буларды айтат:
- Бул илим бир нече миңдеген жыл мурда Кытайда пайда болгон. Аны окуу, агым, искусство деп атаса да болот. Ал адамдын ички энергиясын жолго салууга багытталган. Фэн шуй боюнча бардык буюмдар кандайдыр энергияга ээ, ошондуктан адам аларды озунун тегерегинде туура жайгаштырса алар үйгө ынтымак, байлык, сүйүү алып келет.
Муну айрымдар дин менен байланыштырат, бирок анын динге эч кандай тиешеси жок.
Назиранын айтымында Кыргызстанда бул окуу жаңыдан гана жайылып жатат. Бирок антсе да ага кызыккандардын саны күн санап өсүүдө
- Фэн Шуйду үйрөнгүсү келгендердин арасында жаштар да бир топ. Алар бул окуунун жардамы менен жеке проблемаларын чечүүнү каалашат. Мисалы кээ бирлер өз сүйүүсүн тапкысы келсе, калгандар жакындар менен мамилени жакшыртууну көздөшөт. Бирок Фэн шуйдун эрежелерин билсем эле болду, болгон көйгөйлөрдөн арылам деген туура эмес, ал жөн гана проблемаларды чечүүгө түрткү боло алат.
Учурда Бишкекте фэн шуйга үйрөтүүчү 3-4 мектеп ачылган. Ал жайларда каалагандар үчүн атайын семинарлар өтөт. Бир семинардын баасы 200 сомдон өйдө.
Алфия Ханмурзина ушундай фэн шуй мектебинин ээси. Бул жайда өзүнөн тышкары 3 адам иштейт. Альфиянын айтымында өзгөчө акыркы кездерде кеңсе же турак жайын фэн шуйдун принциптери менен жасалгалоону каалагандар көп кайрылууда.
- Мен бир канча убакыт Кытайда жашап келген соң, Фэн шуй мектебин ачуу идеясын ишке ашырдым. Биз жаңы гана ачылганда кардарлар жокко эсе болчу. Эми болсо, фэн шуйга үйрөнүүнү калагандар, же биздин адистердин кызматын колдонгондор көбөйдү. Акчалуу адамдар өз турак жайын ушул илимдин принциптери боюнча салып, жасалгалоону каалашат. Мына жакында эле чоң кеңсе салып жаткан компаниядан заказ түштү. Биздин адис салынып жаткан кеңсенин эшик – терезесин туура жайгаштыруудан тарта, бөлмөнүн ичин жасалгалоого кеңеш берет,- дейт Альфия Ханмурзина.
Ал эми Фэн шуйдун эрежелери бир топ. Мисалы, бул окуу боюнча үйдүн кире бериши кенен жана таза болушу керек. Ошондо үйгө позитивдүү энергиянын агымы оңой кирет. Ал эми оң тарапка күзгу илип койсо, ал үгө киргендерде көрө албастык өңдүү жаман ойлорун сиңирип алат. Же болбосо иш стол таза эмес, керексиз буюмдарга толгон болсо, иште да ушундай баш аламандык болушу мүмкүн. Жана башка ушу сыяктуу эрежелер сөз болгон окуунун өзөгүн түзөт.
Айгүл Жунушалиева, Азаттык