Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:42

VISTA: 'МАЙКРОСОФТ' КОМПЬЮТЕРЛЕР ҮЧҮН ЖАҢЫ ИШТӨӨ СИСТЕМАСЫН ЧЫГАРДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы айларда дүйнөнүн ар башка мамлекеттеринде компьютерлерге "Виндоус-виста" (Windows Vista) деген иштөө системасы салдырыла баштады. Компьютер хакерлеринин аракеттерине туруштук бере алган ал системаны белгилүү "Майкрософт" компаниясынын адистери өндүрүп чыгарды жана 1-февралдан тартып аны карапайым адамдар да сатып ала алат.

Дүйнөдөгү көпчүлүк компьютерлерге көптөн бери "Виндоус" (Windows) деп аталган иштөө системасы орнотулган. Аны америкалык ишкер Билл Гейтстин "Майкрософт" (Microsoft) деген компаниясы чыгарган жана компьютер өндүргөн компаниялар менен "Майкрософт" өз ара сүйлөшүп, алар өндүргөн компьютерлерге башынан тартып ушул системаны орнотууга жетишкендиктен, компания көптөгөн киреше да табууда, сынга да калууда.

Акыркы мезгилге чейин компьютерлер негизинен - 2001-жылы чыккан "Виндоус-ЭксПи" (Windows XP) деген система менен иштейт, бирок көптөгөн адамдар эмдигиче - 1997-жылы өндүрүлгөн "Виндоус-2000" (Windows 2000) деген системаны да колдонуп келет.

Өткөн жылдын ноябрынан тартып болсо "Майкрософт" (Microsoft) компаниясы "Виндоус-виста" (Windows Vista) деген жаңы системаны тарата баштады, программа азырынча ишканаларга гана сатылууда, ал эми 1-февралдан тартып аны жөнөкөй кардарлар да сатып алууга мүмкүнчүлүк алат.

"Майкрософттун" өзүнүн адистеринин айтымында, жаңы система мурдагыга караганда алда канча күчтүү жана, өзгөчө, хакерлердин чабуулдарына каршы анын коопсуздугу жогорулатылган.

Анткен менен "Азаттыктын" компьютерлер боюнча Вашингтон шаарындагы адиси Жорж Кеннединин айтымында, жаңы программаны сатып алууга ал шашпайт эле:

- Чындап келгенде, бул программа эң жакшы болуп өзгөртүлгөнгө чейин биз өз системабызды алмаштырууга шашпайбыз. 'Майкрософт' жаңы нерсе чыгарганда, анда адатта бир топ кемчиликтер болот, ошондуктан шашып кереги жок. Бүткүл компаниянын компьютерлерине 'Вистаны' койдура баштоого чейин тогуз айдан бир жылга чейин күтсө болот.

1997-жылга чейин негизинен "Виндоус-98" (Windows 1998) деген система колдонулчу.

"Виндоус-2000" (Windows 2000) деген системанын биринчи түрү 1997-жылдын 27-сентябрында чыккан, аны айрымдар кыскартып "Вин" деп да атайт. Кийин анын "Профешнл" (Professional)деген, андан соң өзгөчө күчтүү көмпьютерлер үчүн "Виндоус-Сервер" деген жана башка аттагы жаңы түрлөрү да чыккан.

2001-жылдын 25-октябрында болсо "Виндоус-ЭксПи" (Windows XP) деген система чыккан жана акыркы мезгилге чейин ошол эң күчтүү болуп эсептелчү, акыркы беш жылда анын дагы бир нече түрү чыккан.

Бирок дүйнөдө "Виндоустан" бышка да системалар бар.

Мисал үчүн "Эппл" (Apple) компаниясы өндүргөн "Макинтош" компьютерлерине башынан тартып "Эпплдин" адистери өздөрү ойлоп чыгарган система коюлат жана анын бир топ артыкчылыктары болгондуктан, "Майкрософт" да өз системасын ошолорду көрүп өзгөрткөн.

Ал эми Кытай "Виндоус" системасын дээрлик колдонбойт, өлкө адистери Батышта компьютерлер үчүн атаандаш чыгарылган "Линукс" (Linux) деп аталган программалык системаны көбүрөөк колдонушат. "Линукс" (Linux) программасынын жактоочулары "Майкрософт" менен атаандашуу үчүн ал системаны бир катар чөлкөмдөрдө бекер таратышууда.
XS
SM
MD
LG