Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Иранга каршы чектөө жарыялоо тууралуу чечимди 23-декабрда кабыл алган жана эки айдын ичинде, 23-февралга чейин, Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин деректири Мохаммед Элбарадеи Коопсуздук Кеңешине ал маселе боюнча маалымат берүүгө тийиш. Эгер ал - Тегеран өз саясатын өзгөрткөн жок деп билдирсе, Иранга каршы мурдагыдан катуу чара көрүлүшү мүмкүн.
Бирок 26-январда "Си-эн-эн" сыналгысына берген интервьюсунда Элбарадеи - эгер Иран өзүнүн уран байытуу иштерин убактылуу токтотсо, ага каршы жарыяланган санкциялар да убактылуу токтотулушу мүмкүн жана ал убакыт ичинде эки тарап сүйлөшүү жүргүзсө болот деп билдирди.
Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Ларижани 28-январда билдирүү жасап, бул сунушту талкуулап, ал жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн убакыт керек деп билдирди:
"Мындай демилгенин алды-артын карап чыгыш үчүн Иранга убакыт керек, андан маселени чечүүгө канчалык мүмкүнчүлүк бар экенин көрүш керек", - деди Ларижани.
Бирок 29-январда Элбарадеинин демилгесине Вашингтон каршы чыкты. Мамлекеттик катчылыктын өкүлү Алехандро Волфтун айтымында, Бириккен Улуттар тарабынан жарыяланган чектөөлөр ачык жана так чара жана анын маанисин өзгөртүүнүн эч кандай кажети жок. Элбарадеинин сунушун Улуу Британия дагы сынга алды.
Өз демилгесин жарыялаганда, Элбарадеи Швейцариянын Давос шаарында Дүйнөлүк экономикалык форумга катышып жүргөн жана ал форумда ошол эле 26-январда өзөктүк куралды жайылтпоо маселеси талкуулаганда, кыйыр түрдө ал АКШны сынга алган. Азыр Вашингтон Перс булуңуна бир топ кошумча аскер топтоодо, ошондуктан айрым эксперттер - аны менен АКШ Иранга каршы аскерий сокку урууга даярданып жатат дет айтууда. Элбарадеи болсо Давостогу форумда - андай сокку эбегейсиз катастрофага алып келет, Иран маселесин сүйлөшүү аркылуу, дипломатиялык жол менен гана чечүү мүмкүн деп билдирген.
Бириккен Улуттардын чечимин Тегеран саясий себептен кабыл алынган чечим деп жарыялаган жана өз аракеттерин токтотпой турганын билдирген. Тегерандын айтымында, анын өзөктүк изилдөөлөрү эч кандай аскерий максатты көздөбөйт. Бириккен Улуттар чечим кабыл алгандан кийин, Эл аралык агенттиктин 38 текшерүүчүсүнүн Иранга келишине январда Тегеран тыюу салган. Анткен менен 27-январда Иранга үч текшерүүчү келип, иштей баштады.
Дем алыш күндөрү болсо Тегеранга Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Игорь Иванов келип кетти жана Бушер шаарында Орусиянын жардамы менен курулуп жаткан өзөктүк реактор үстүбүздөгү жылы иштей баштай турганы жөнүндө билдирди.
Cүрөттө: Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин деректири Мохаммед Элбарадеи Иран маселесин дипломатиялык жол менен гана чечүүгө чакырып келатат.